Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

АКШнын Тынчтык Корпусунун ыктыярдуулары ант беришти.


БИШКЕК. 23-декабрда АКШнын Тынчтык Корпусунун миссиясы менен Кыргызстанга иштөө үчүн келген АКШнын 63 ыктыярдуу жараны АКШнын Кыргызстандагы элчиси Джон О Кифке ант беришти. Ант берүү салтанатына кыргыз президенти Аскар Акаев жана Кыргызстандын билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурова катышышты. АКШнын жарандары анда Кыргызстанда АКШнын элчиси катары ак ниет жана пайда көздөбөй иштей тургандыктарын билдиришти. Салтанатта сөз сүйлөгөн Аскар Акаев Кыргызстанга тынчтык пейил менен билим берүү үчүн келип жаткан АКШлык жарандардын эмгеги баа жеткис деп баалады. АКШнын Тынчтык Корпусу өз ишин Кыргызстанда 1993-жылы баштаган. Ыктыярдуулардын онунчу тобу болуп келген бул жолку жарандар кыргыз мектептеринин окуучуларына англис тилин жана экономика негиздерин үйрөтүү үчүн үч айлык даярдыктан өтүштү.

XS
SM
MD
LG