Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев эл аралык уюмдардан алган сыйлыгын китеп чыгарууга жумшайт.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. «Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев эл аралык уюмдар тарабынан берилген 1000 доллар сыйлыкты өзү түрмөдө отурган мезгилде жазган, «Саясий туткундун күндөлүгү» деп аталган китепчени басмадан чыгарууга жумшайт. Бул тууралуу ал 19-декабрда өткөн маалымат жыйынында кабарлады. Белгилей кетүүчү нерсе, Т. Тургуналиев өткөн айда Америка Кошмо Штаттарында өткөн жыйында Бириккен Улуттар Уюму менен Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюмдун «Адамдын ар-намысын коргоо боюнча эл аралык сыйлыгына» ээ болгон. Мындай сыйлык Т. Тургуналиевден башка дүйнө жүзү боюнча төрт адамга ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG