Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

ЧЕХИЯ: ВАЦЛАВ КЛАУС ЖАНА АНЫН ПАРТИЯСЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАМЫНУУДА


Чехиядагы экономикалык реформалардын «атасы» аталган көрүнүктүү саясатчы Вацлав Клаус өзү түзүп, он эки жыл жетектеп келген партиянын төрагалыгынан түштү. Эми ал алдыдагы жылдын февралында президенттик кызматка талапкерлигин коймокчу.

Граждандык демократиялык партия же чехтер өзү кыскача атап жүрүшкөндөй - ОДС мындан он эки жыл мурда түзүлгөн. Анын негиздөөчүсү деп Вацлав Клаусту айтышат. 90-жылдардын башында ОДСтин саясий ооматы көтөрүлүп,анын лидери Чехия өзүнчө эгемен мамлекет болуп жарыяланганда өлкөнүн премьер-министрлигине дайындалган. Ошондон тарта Клаустун партиясы парламентте такай башкы оюнчу болуп келген эле. Бирок быйыл жайдагы шайлоодо ОДС көп мандатын атаандаш партияларга алдырып жиберди. Ушуга байланыштуу декабрда кезексиз конгресс чакырылып, партия өзүнүн саясий тактикасын талкуулады. Курултай ачылган күнү Клаус төрагалык кызматтан кетерин жарыялада жана өзүнүн ордуна айрым жакын шакирттерин сунуш кылды. Деген менен партиянын мүчөлөрү лидерликке таптакыр башка талапкерди – кырк алты жаштагы сенатор Мирек Тополанекти тандап алышты. Жергиликтүү комментаторлордун көпчүлүгү муну дурус чечим катары баалашпады, Клаустун да буга ичи чыккан жок. Ал эми Тополанек болсо төрага Клаус менен жаман мамиледе болбогонун белгилеп, айрым учурларда алардын ойлору бир жерден чыкпаганын моюнга алды.Эмнеге дегенде биз эки башка адам эмеспизби, деп түшүндүрдү ОДСтин жаңы лидери.

Тополанек Түндүк Моравиядагы Острава шаарынын тургуну,көп жыл бизнесте иштеп, партиянын саясий кампанияларына активдүү катышып жүргөн. Быйыл жайдагы шайлоодо ал ОДС үчүн бир топ ийгиликтүү иштерди жасады. Ал азыр парламенттин жогорку палатасында сенатор. Прагалык аналитик Зденек Зборил партиялык конгресстин чечимин комментариялап, ОДСчилер идеологиялык лидерлердин ордуна прагматик жана реалистчил саясатчыларды тандап алгандыгын белгиледи. «Прагалык журналисттер жана кафелерде отуруп алып, саясатты талкуулаганды өнөр көргөндөр, менимче, катуу жаңылышат. Акыркы эки-үч жылда ОДСти байкап-багып жүргөндөрдүн көбү билет, Прагадан тышкары жерлерде регионалдык көп идеректүү саясатчылар өсүп чыкты. Тополанек ошолордун өкүлү»,-деп айтты Зборил. Зборил ОДСтин жаңы лидери алдыдагы жылдын февралында боло турган президенттик шайлоодо да өз партиясына кыйла эле аркасын тийгизерине ишенет. Партиядан болсо мамлекет башчылыгына Вацлав Клаус талапкер болгону жатат, ага экс-премьер Милош Земан менен сенаттын төрагасы Петр Ритхарт конкурент болушат. Чехияда президентти парламент шайлайт.

Чехиянын Илимдер академиясынын социология институтунун адиси Зденка Мансфелдованын баасында, президент болгонго Клаустун ары жүйөөсү, ары мүмкүндүгү бар. Экономикалык реформалар өтө ийгиликтүү башталган эле, деп эскерди ал. Клаус алды жакты аңдай билген саясатчы экенин көрсөттү, бери эле дегенде 1996-1997-жылдарга чейинки экономикалык өзгөрүштөр, Мансфелдованын пикири боюнча, Клаустун ушу сапаты менен байланыштуу болду десе болот. Мунун баары ага саясатта бир топ узак ыкыбал алып келди.

Вашингтондук эксперт Янус Бугажиски борбордук Европада азыр саясий оомат орточул күчтөргө ооп турганын эске салды. Эгер Клаустун партиясы ушундай фракциялар менен альянс түзгөнгө жетишсе, эксперттин болжолунда, президенттик шайлоодо мүмкүндүгү артат эле. Орточулдар, Бугажискинин айтымында, жакшы уюмдаша алат, ийкем жана жөндүү келишет. ОДС өзүнө ушундай өнөк тапса, ага ийгилик жылмайып калышы ажеп эмес. Чехияда мындай чакан фракциялар бар, алардын бири - Эркиндик союзу ушул эле Клаустун граждандык демпартиясынан бөлүнүп чыккан, азыр алар социал-демократтар менен өнөктөшүп, курама өкмөттү жетектеп турушат. Фракциянын лидери менен Клаустун алакасы анча эмес, бирок прагалык эксперт Зборил ОДСтин жаңы жетекчиси Тополанек эми мурдагы партиялаштары менен тил табышып, ымала түзгөнгө жетишет деп ишенет. Эксперттердин бу прогноздорун болсо февралдагы шайлоо гана төгүндөп же ырастап бере алат.

XS
SM
MD
LG