КАБУЛ. Бүгүн Кабулда бир киши Эл Аралык Коопсуздук Күчтөрүнүн Ооганстандагы кеңсесинде гранат жардырып курман болду. Майор Гардан Макензинин айтымында, белгисиз адам гранатты кеңсенин кире беришинде жардырган. Жардыруудан ошондой эле эки карапайым ооган жарат алган. Ушул жумада дагы бир киши гранат жардырып, эки америкалык солдат менен бир ооганды жарадар кылган эле.