Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Евробиримдик 28-январга чейин күтөт


Мамлекеттик секретарь Колин Пауэлл, Европа лидерлеринин өтүнүчүн четке кагып, 2005- жылы эгемен Палестин мамлекетин түзүүнүн «жол-жобосун» бекитүү 28-январда Израилде болчу парламенттик шайлоо өтмөйүнчө күтө турсун деди. «Биздин оюбузча, шайлоо өткөнчө күтө туруп, жол жобонун үстүнөн иштей берсек эстүүлүк кылган болор элек»,- деп түшүндүрдү Пауэлл шаршемби күнү Евробиримдиктин элчилери менен болгон кездешүүдөн кийин.

Франс-пресс агенттигинин баасына караганда, “Израилдин катуу кысымы астында кабыл алынган бул чечим, Европалыктандын жүзүнө урулган дипломаттык шапалак болду...”.

“Төртилтик тарабынан даярдалган сунушту бекитпей койо туруу өтүнүчү премьер-министр Ариель Шарондун талабы боюнча жасалганын Ак Үй администрациясынан биринчи болуп Пауэлл өзүнүн кылдат билдирүүсүндө мойнуна алды”,- деп белгиледи “Нью-Йорк Таймс” гезити.

Израилдик-палестиналык чатакты биротоло жөндөөгө багытталган “жол жобону” Россия, АКШ, Улуттар Уюму жана Евробиримдик катарындагы төртилтик жума күнү Вашингтондо өтчү министрлер деңгээлиндеги жыйында кабыл алынат деп күтүлүп жаткан. Ушундай үмүттөгү ЕБнын жетекчилиги, өткөн жумада Копенгагенде болгон саммиттин соңунда жарыяланган декларацияда, президент Жорж Буштун пикиринин негизинде иштелип чыккан “жол-жобо” 20-декабрда бекитилет деп көрсөткөн эле. Европалыктардын пикиринче, Израилдик-палестиналык мамиледе оң жылыштар болбой туруп, непада Иракка каршы согуш чыгып кетсе, бүтүндөй Жакынкы Чыгышты капсалаң басат жана АКШ арабдардын кызыкчылыгы менен эсептешпейт деген шектенүү жаралат.

Бул сындуу кооптонуудан улам, Евробиримдиктин аракеттеги төрагасы, Даниянын тышкы иштер министри Пьер Стиг Мюллер Колин Пауэллдин сөзүн макул көрбөдү.

Палестин мамлекетин куруунун төртилтик сунуш кылган долбоорун бир катар Вебсайттарда жарыяланган. Ошондуктан, сунуш-долбоорду шайлоого чейин жарыялоо, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тоскоол болот деген натуура кеп. АКШ менен Европа Палестин мамлекетин түзүүнүн долбоор-планыны колдогонун Израилдиктер билиши керек. Терроризм улана берсе, Израилде эки мамлекет түзүлбөсүн палестиналыктардын билгени өтө маанилүү,- деди Мюллер пресс-конференцияда.

Ошентип, күнкорсуз Палестина мамлекетин түзүү планы боюнча АКШ менен ЕБнын пикири төп келбей калганы менен, Түндүк Кореянын ядролук каруу жарак программасын тезинен токтотуу жаатында эки тараптын көз карашы көп айрымаланбайт.

Же Колин Пауэллдин сөзүнө караганда, Түндүк Кореянын Кошмо Штаттары жана Евробримдик менен болчу келечектеги мамлеси, ырасмий Пхеняндын куралсыздануу боюнча өзүнө алган милдеттенмесин аткаруусуна жарша болот.

Израилдеги парламенттик шайлоо өткөнчө күтө турчу долбоор, “Нью-Йорк Таймстын” жазышынча, Палестин жетекчилиги убада кылган саясый реформанын жана Израилге каршы террордук чабуулдарды тыйуунун мөөнөтүн тактайт. Ошол эле учурда, бул планга ылайык, Израил өз аскерлерин палестин автономиясына таандык жерлерден чыгарып кетип, бул аймакта жөөттөр үчүн турак-жай курууну токтотушу жана палестиналыктардын Израилге барып иштөө шартын жеңилдетиши шарт. Бул иш чаралар аткарылгандан кийин - 2005-жылы Палестина өз алдынча мамлекет болуп жарыяланыш керек.

XS
SM
MD
LG