Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

№ 33 Кара-Кулжа шайлоо округу боюнча талапкерлердин бири шайлоонун экинчи турунун өтпөй жаткандыгына кыргыз оппозиясын күнөөлөдү.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Кыргызстандын оппозиция өкүлдөрү ар кандай жолдор менен карапайым элдерди козутуп, № 33-Кара-Кулжа шайлоо округу боюнча шайлоонун экинчи турун өткөрүүгө тоскоолдук жасашууда. Ошондой эле шайлоонун өткөрүлбөй жатышына экинчи турду өз убагында өткөрбөй, кечеңдетип жаткан Борбордук Шайлоо Комиссиясы да күнөөлүү. Аталган шайлоо округунда шайлоочулардын 13% добушун алып, үчүнчү орунда калган депутаттыкка талапкер Замирбек Парманкулов 20-декабрда журналистер үчүн өткөн маалымат жыйынында ушундай пикирин айтты. Анын айтымында, республиканын Жогорку Сотунун чечиминин негизинде Үсөн Сыдыков шайлоонун экинчи туруна катышпашы керек. Эске сала кетүүчү нерсе, Кара-Кулжа шайлоо округу боюнча шайлоонун биринчи турунда шайлоочулардын 48 % пайыз добушун алган Үсөн Сыдыков Жогорку Соттун чечиминин негизинде шайлоонун экинчи туруна катышуу укугунан четтетилген. Мындай чечимге нааразы болгон Ү. Сыдыковдун талапкерлеринин нааразылык акциясы уланууда.

XS
SM
MD
LG