Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Түштүк Кореяда жаңы президент шайланды.


Түштүк Кореянын жаңы президенти болуп шайланган Ро Му-хен бүгүн атайын жыйын өткөрүп, келечекте ал Түндүк Корея маселесин чечүү үчүн Америка Кошмо Штаттары жана Жапания менен тыгыз кызматташа турганын билдирди. 19-декабрь күнү өткөрүлгөн шайлоодо Ро Му-хен оппозициянын талапкери Ли Хо-чаңды жеңген жана президент Ким Дэ-жуңдун ордуна келди. Жаңы президент, андан тышкары, Түштүк Кореяда орноштурулган америкалык аскерлердин санын кыскартуу багытында да иштей турганын билдирди. Азыр өлкөдө 37 миң АКШ аскери бар. Жакында эки америкалык аскер машине менен эки кореялык кызды тебелеп кеткенден бери, өлкөдө антиамерикалык митингдер өтүүдө. АКШ аскерий соту ал аскерлерди актап чыкты.

XS
SM
MD
LG