Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

КЫРГЫЗСТАНДА «РОССИЯ-КЫРГЫЗСТАН» КИКБОКСИНГ БЕТТЕШҮҮСҮ БОЛДУ


Бишкекте “Россия-Кыргызстан” эл аралык беттешүүсү кикбоксинг боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Али Порсуковду эскерүүгө арналды.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Александр Войнов жетектеген "Гермес-Профи" клубу эл аралык аренада аты угулуп жүрөт. Бул клубдун алты жигити “Кыргыз спортуна эмгек сиңирген спорт чебери” деген ардак наамга арзыган. Алардын катарында Кыргызстанда кикбоксингди өнүктүрүүгө зор салым кошкондордун бири Али Порсуков эле. Кыргыз спортуна эмгек сиңирген спорт чебери маркум Али Порсуков кикбоксинг боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону болуп, мыкты чебер экендигин далилдей алган. Ал "Гермес-Профи" клубунун лидери болчу.1995-жылдан бери Кыргызстандын намысын коргой баштаган. Али Порсуков Тайланддын, Италиянын, Ливандын, Түркиянын командалары менен болгон беттешүүлөрдө, “Европа-Азия” эл аралык мелдештеринде да женишке жеткен.

Али Порсуков Россиянын атуулу болсо да Кыргызстандын ар-намысын татыктуу коргоп урмат-сыйга арзыган. Ошондуктан 19-декабрда Бишкекте “Россия-Кыргызстан” эл аралык беттешүүсү кикбоксинг боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Али Порсковду эскерүүгө арналды.

Алгач Алинин спорттук ийгиликтерин баяндаган видео фильм көрсөтүлдү. Анын устаты, дүйнө чемпиону, "Гермес-Профи" клубунун жетекчиси Александр Войнов Алини эскерип: “Анын кайраты, эрки жаштарга үлгү», - деди. Профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров да Алинин адамкерчилигин, намыстуулугун айтып, анын жолун иниси Тимур улантып жаткандыгын белгиледи.

Алгач жеңил салмакта Россиянын чемпиону, Европа чемпионатынын жеңүүчүсү Павел Исенбаев менен Кыргызстандык дүйнө чемпиону Үткир Кудаяров рингде күч сынашты. 5 раунд таймашта Үткирге артыкчылык берилди. 57 кг. салмакта Россия чемпионатынын жеңүүчүсү Борис Точиев менен кыргызстандык дүйнө чемпиону Мирбек Сүйүнбаев намыс талашты. Мында Мирбек үстөмдүк менен жеңишке жетти.

Ал эми 60 кг. салмакта Украина, Россия чемпиону Хурсант Жамшедовду кыргызстандык 2 жолку Евразия чемпиону, Азия чемпиону, Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү Тахир Дүйшекеев каршы алып, Хурсантты утуп алды. Мелдеш жөнүндө дүйнө чемпиону Руслан Абазов мындай деди: “Атаандаштар абдан жакшы даярдык менен келиптир. Москвада жашап машыккандыктан, алар мелдештерге көп катышып, тажырыйбасы бар. Али досубузду эскерүү мелдешинде биз сөзсүз жеңишке жетүүбүз керек болчу. Анын арбагын сыйлап намысты колдон чыгарбадык”.

Ошондой эле 67 кг. салмакта россиялык дүйнө чемпиону Юсуп Исаев жеңишке жетишти. Бул жолу Кыргызстандын намысын Ален Афойев атаандашына алдырып койду. 75 кг. салмакта Россиянын чемпионатынын жеңүүчүсү Ислам Самаев менен кыргызстандык дүйнө чемпиону Канат Сыдыгалиев рингде күч сынашты. Натыйжада Канат женишке жетишти.

Али Порсуков өзү 81 кг. салмакта дүйнөнүн 2 жолку чемпиону болгон эле. Анын жолун уланткан иниси Тимур да ушул салмакта Россия чемпиону аталган. Агасынын ордун жоктотпой, Тимур Кыргызстандын командасынын катарына кабыл алынып жатат. Бирок тилекке каршы, аба ырайына байланыштууТимур Порсуков баштаган россиялык 3 кикбоксер жана машыктыруучулар 19-декабрда кечинде “Манас” аэропортуна коно албай аргасыз Чымкентке конушту. Ошентип алар “Россия-Кыргызстан” беттешүүсүнө келе албай калышты. 81 жана 91 кг. салмактардагы беттешүүлөр болбой калды. Кыргызстандык жигиттер 5 беттешүүнүн төртөөнү жеңип, намысты колдон чыгарбады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG