Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

МОСКВАДА КИНО КҮЙӨРМАНДАРЫ БОЛОТ БЕЙШЕНАЛИЕВДИ ЭСКЕРИШТИ.


Төрөкул Дооров, Москва Мезгил өтүп, муундар алмашканы менен Дүйшөнгө, «Биринчи мугалимге», ошону менен катар кыргыз совет актеру Болот Бейшеналиевге болгон ыйык сүйүү алмашкан да, сууган да жок.

Жакында Москва шаардык Кино Үйүндө Кыргыз эл артисти Болот Бейшеналиевди эскерүү кечеси өттү.

Совет бийлиги кыргыз жеринде орношо баштаган алгачкы мезгил жалпы эл сабатсыздыгын жоюу, коллективдештирүү жана да Коммунисттик партия жактаган баалуулуктарды пропагандалоо иши менен коштолгондугу маалым. Ошол максаттардын бири катарында эл сабатсыздыгын жоюу темасын бүгүнкү муун Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалиминен” көрүп олтурат.

1965-жылы “Кыргызфильм” жана “Мосфильм” киностудиялары биргелешип, улуу жазуучунун чыгармасын кинотасмага тартышты. Кинорежиссер Андрей Кончаловский өзүнүн биринчи дипломдук иши катарында «Биринчи мугалимди» тартууга киришет. «Фильмди тартууда жаралган кыйынчылыктардын бири - башкы ролдогу биринчи мугалим Дүйшөндүн образына татыктуу актерду табуу болду», - дейт А. Кончаловский. Кийинчерээк Болот Бейшеналиевдин жүзү менен таанылган Дүйшөн башкача боло албай тургандай сезилди.

«Ал чынында таң каларлык, кызыкча адам болчу. Башкаларга анча окшошчу эмес. Жөн эле туруп күлүү керек болбосо да, күлө алчу, же туруп эле ыйлап жиберчү, анан кайра капа тартып, же өзгөчө кубанып кетчү. Бир сөз менен айтканда, өз эмоциясын укмуш көрсөтө алчу. Ал мага Дон Кихоттун мүнөзүн эсиме келтире берчү. Өзү алдындагы максатка жетишүүдө өзгөчө берилүү менен карачу. Менимче, ал Дүйшөндүн образын аткаруу менен мага өзүнүн жүзүн ачкандай болду. Анткени, анын кинодогу ролу менен жеке адамдык мүнөзү өтө жакын эле», - дейт «Биринчи мугалимдин» режиссеру Андрей Кончаловский.

«Фильмдеги Дүйшөн менен Болот Бейшеналиев өзүнүн актердук дараметинин бийиктигин жана өтө күчтүүлүгүн даана көрсөттү», - дейт режиссер. Ал эми Алтынайдын ролун аткарган белгилүү казак актрисасы Наталья Аринбасарова, «анын кыргыз жеринде өскөндүгү да көп нерседен кабар берет» дейт.

«Мага кыргыздын өзгөчө касиеттүү жеринде болгон ар бир адамдын кичине болсо да таланты артып кала тургандай сезилет. А Болот Бейшеналиев ал жерде төрөлүп, өскөн. Ал жердин руханий мурасын алып, өз элине, жерине болгон ыйык сүйүүсүнүн күчү менен жүздөн ашуун ролдун ээси болуп калды. Ошону менен катар анын акын экендиги көптөргө белгисиз. Мен да бул жөнүндө эми эле билип олтурам», - дейт Наталья Аринбасарова – «Биринчи мугалимдеги» Алтынай.

Болот Бейшеналиевтин эскерүү кечесине келгендер Москва шаардык Кино Үйүнө топтолушуп, анын биринчи чоң кинодогу оюнун көрүүнү каалашты. Дүйшөндүн ар бир кыймылы, чоң ынтызар менен айыл балдарын окутууга киришкен жылдыздуу көздөрү көп көрүүчүлөрдү толкундантканы даана байкалып турду.

Мезгил өтүп, муундар алмашканы менен Дүйшөнгө, «Биринчи мугалимге», ошону менен катар кыргыз совет актеру Болот Бейшеналиевге болгон ыйык сүйүү алмашкан да, сууган да жок. Тескеринсинче, ар бир муун өкүлдөрү Дүйшөндүн, анын учугун улаган ондогон ыйык инсандардын образын алган Болот Бейшеналиевдин эмгегине таазим кылып келишет.

XS
SM
MD
LG