Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Бириккен Улуттардын Израилге каршы резолюциясына АКШ вето салды.


20-декабрь күнү кечинде Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде Жакынкы Чыгыш маселеси талкууланганда, Америка Кошмо Штаттары Израилди сынга алган резолюцияга вето салып, аны кабыл алдырбай койду. Резолюцияны Сирия даярдаган жана ага Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсүнүн он экиси добуш берген. Болгария менен Камерун гана калыс калган. Израилдик чабуулдардын натыйжасында, декабрь айынын башында Газа тилкесинде Бириккен Улуттардын эки кызматкери, ал эми ноябрь айында Йордан дарыясынын батыш жээгинде бир улуу британиялык жаран курман болгон. АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Джон Негропонтенин айтымында, резолюция бир жактуу болуп, жалаң гана Израилге каршы багытталып калган.

XS
SM
MD
LG