Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Перс булуңуна АКШ кошумча 50 миң аскер жиберүүгө даярданууда.


АКШ жетекчилиги Иракка болгон кысымын күчөтүүдө. Азыр Перс булуңунда жайгашкан 60 миңге жакын америкалык аскерге кошумча январь айында дагы 50 миңге жакын аскер жиберилет. 20-январь күнү президент Джордж Буш: Ирактын аскерий декларациясы куралсыздануу маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө жакындаткан жок, - деп билдирди. Январь айына белгиленген Африка мамлекеттерин кыдыруу сапарын дагы Буш кийинкиге калтырды. АКШнын пикири боюнча, Ирак өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин “орчундуу түрдө” бузган, бирок Коопсуздук Кеңешинин бир да башка мүчөсү андай пикирге азырынча кошула элек.

XS
SM
MD
LG