БИШКЕК. 24-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев башында турган парламенттик делегациянын Кувейтке жасаган расмий сапары соңуна чыкты. 18-декабрда башталган сапардан бери кыргыз парламентарийлери Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын (парламентинин) төрагасы Джассим Ал-Харари, премьер-министринин биринчи орун басары, тышкы иштер министри, шейх Сабах Ал-Ахмад Ал-Жабер Ал-Сабах жана башка расмий адамдар менен жолугушуп, өз ара ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашты. Бул тууралуу шейшембиде Мыйзам чыгаруу жыйынынын басма сөз кызматынан кабарлашты.