БИШКЕК. Орусияда иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары депортацияланбайт. Бул тууралуу шейшемби күнү тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция кызматы боюнча департаменттин башчысы Төлөн Турганбаев билдирди. Анын маалыматы боюнча, учурда Орусияда 300 миңден ашуун кыргыз жарандары бар. Алардын басымдуу көпчүлүгү легалсыз түрдө иштешет. Ошондуктан алар депортацияланбаса да, ар кандай айыптар салынып, админстративдик чараларга кириптер болушу мүмкүн. Турганбаевдин айтымында, учурда Кыргызстандын жана Орусиянын эксперттери Кыргызстандан Орусияга багытталган эмгек миграциясын жөнгө салуу боюнча атайын келишимдин үстүндө иштеп жатышат.