Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

КЫРГЫЗ БАСМА СӨЗҮ


«Бийликтен уруксат болсо гана эл шайлай алаарын» Аширбай Жусупов шейшембидеги «Моя столица» гезитинде жазып чыкты. Анын маалымдашынча, Лейлектеги парламенттик шайлоонун 2-айлампасына Бөрүбаев менен Бердиев атаандаштыкка чыгышкан. Бердиевдин тарапкерлери Катыраң айылындагы зайыптарга эгер Бөрүбаевди колдошсо аларга ажырашуу жообу берилерин эскертишип, алардын адамдык укугун кордошкон. «Эркектер болсо баш ийкешип тим болушту, таймашта тартыныш болбойт экен», деп жазат автор. Гезиттеги Александр Кимдин «Байлардын акчасын байкуштар коргойбу?» деген макаласы аскерий реформага арналган. «Жоокердик парзын аткаргысы келбегендердин 25000 сом төлөп аскерден калуусу тынч мезгилде туурадай сезилгени менен непадам уруш чыгып калса кантет? Мекенин коргоочу жаран акчасын төлөп жатып алабы?» - деп суроо коет автор. Постсоциалисттик Борбордук Азия республикаларында саясий эркиндиктерди чектөө күч алып баратканы, бул жерлерде бийлик кризиси тереңдегени, чөлкөмдөгү борпоң звено Түркмөнстан менен Кыргызстан экени москвалык «Мемориал» укук коргоо борборунун жетекчиси Виталий Пономаревдун гезитте жарыяланган маегинде маалымдалат.

Конституциялык реформадан президент гана утуш алганын, оппозиция дагы алданганын 24-декабрдагы «Агым» гезитинде Алым Токтомушев жазып чыкты. Автордун айтуусунда, кийинки кездери «мамлекеттик катчы баштап аткан «кыргыздар жана кыргыз эместер» кампаниясы президенттин күйөө баласын «бүт Кыргызстандын күйөө баласы» экендигин» ырастоого барып такалды. Ушул эле гезитте жарыяланган маегинде парламент депутаты Муратбек Мукашев референдумда адаттагыдай эле «Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү дүңүнөн кабыл алуу сунушу коюлса эл ичинде мыйзамга карата ишеним болбосуна» токтолот.

2003-жыл Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү деп Улуттар Уюмунда таанылып, атайын жарлык кабылданганын шейшембиде «Слово Кыргызстана», «Кыргыз туусу» гезиттери жарыялашты. «Дилибиз бир – биз жеңилбейбиз» деп жазат Александр Шепеленко «Слово Кыргызстана» гезитинде. Басылмада президент Акаевдин Коопсуздук Кеңеш отурумунда сүйлөгөн сөзү жарыяланган. Өз сөзүндө ал «Кыргызстанга тыштан коркунуч туулбастыгын ырастаган президент эмки кооптуу абал өлкөнүн ичинде түзүлгөнүнө, коомдогу бейпилдикти оппозиция бузууга куштарланып калганына» токтолгон. Акаев республикадагы абал тууралуу Владимир Путинге айтканын, андан толук колдоо тапканын ачыкка чыгарып, оппозицияга каршы турууга коомдогу таасирдүү күчтөрдү тарта тургандыгын маалымдаган. Гезитте «Оппозициянын беткабына жашынсаң деле мыйзам алдында жооп бересиң» деген макала жарыяланган. Анын автору республиканын Башкы Прокурорунун кызматкери Калыбекова, Кулов менен Гасановдун ишинде эч кандай саясий мүдөө жок экенине токтолуп, айыпталгандар надзордук тартипте Жогорку сотко арызданышпаганын, сот адилет өкүм чыгарганын билдирет.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы жаамы дүйнөгө таанылганына «Кыргыз туусу» гезити да токтолуп, журналист Папан Дүйшөнбаевдин «Аскар Акаев: «Оппозицияны менчелик эркелеткен эч ким жок» деген макаласын жарыялады. Кабарчынын маалымдоосуна ынансак, президент Көл кылаасындагы активдер менен жолугушуусунда: «Эгерде оппозиция жөнүндө айта турган болсом, Борбордук Азияда мендей оппозицияны эркелеткен эч ким жок»,- деп айткан.

Шейшембиде «Республика» гезити Алмамбет Матубраимовдун «Жалпы сөздөрдүн Конституциясы» деген макаласын жарыялады. Автордун пикиринче, «Кыргызстандын Конституциясында белгиленген принциптердин көбү тек сөз жүзүндө» гана айтылат, алардын ишке ашырылыш жолу аныкталган эмес. «Президент Конституциянын гаранты делингени менен анын милдети, жоопкерчилиги аныкталбай» калган. «Мамлекет башчысын кызматтан алуу, иштен кеткенден кийин анда колтийбестик укугунун сакталып калышы, кылмыш үстндө кармалса гана сот жообуна тартылышы, антишке Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынаары бардык адам мыйзам алдында бирдей, деген принципке кайчы келет», дейт ал. «Аалам» гезитинин башкы редакторунун орунбасары Кубаныч Сейдалиевдин маалымдашынча, басылманын жаңы санында Майлы-Суу электр-лампалар заводунун акциялары кантип сатылганы тууралуу Чолпонбек Абыкеевдин макаласы, жылдын 15 адамы жөнүндө маалымат жарыяланууда.
XS
SM
MD
LG