Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

ОРУСИЯДАН КҮЧ МЕНЕН ЧЫГАРЫЛБАШ ҮЧҮН ЭМИ АНДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР КАТТООДОН ӨТҮШҮ КЕРЕК


Бакыт Аманбаев, Бишкек 24-декабрда Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин башчысы Төлөн Турганбаев жана аталган министирликтин консулдук башкармалыгынын жетекчиси Руслан Казакбаев маалымат жыйнын өткөрүштү.

24-декабрда Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин башчысы Төлөн Турганбаев жана аталган министрликтин консулдук башкармалыгынын жетекчиси Руслан Казакбаев маалымат жыйнын өткөрүштү. Маалымат жыйында миграция департаментинин башчысы Төлөн Турганбаев үстүбүздөгү жылдын биринчи ноябрынан баштап Орусияда күчүнө кирген «Орусиядагы чет-элдик жарандар» тууралуу мыйзамдан соң ал жерде жашап, эмгектенген кыргызстандык жарандардын абалы, ошондой эле учурда бул максатта кыргыз бийлиги тарабынан кандай иш чаралар жүргүзүлүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди. Т. Турганбаевдин айтымында, учурда жалпысынан Орусияда 300 миңден ашуун кыргызстандык жарандар эмгектенишет. Анын ичинде, орусиялык тараптын маалымдоосу боюнча 1721 адам гана мыйзамдуу эмгек келишими менен иштейт. Т. Турганбаев ошондой эле эгерде Орусияда иштеп жаткан жарандар ал мамлекеттин мыйзамына ылайык расмий каттоодон өтүшсө, жакын арада өз мекенине күч менен чыгарылбай тургандыгын белгилди. Анын айтымында, бул тууралуу кыргыз бийлигине расмий түрдө Орусиянын миграция кызматынын паспорт, виза иштери боюнча башкармалыгынын жана Орусиянын Бишкектеги элчилиги маалымат берген. « Биз Орусиянын Кыргызстандагы элчисинен расмий түрдө кат алганбыз. Анда Орусиядагы кыргызстандык жарандар күч менен чыгарылбай тургандыгы маалымдалган», - деди Төлөн Турганбаев.

Турганбаевдин билдирүүсүнө караганда, жаңы мыйзам күчүнө киргендигине байланыштуу Орусияга барууну каалаган ар бир кыргызстандык жаран эки өлкөнүн чек-арасынан милдеттүү түрдө миграция кагазын толтурушу керек. «Биринчиден, Орусияга барууну каалаган ар бир жаран чек арадан миграция кагазын толтуруп, үч күндөн кийин ар бир областтын ички иштер органдарына барып каттоодон өтүүсү керек. Ошол каттоо токсон күнгө уруксат берет. Бирок базарга барып ишмердүүлүгүн жүргүзөм десе болбойт. Ал үчүн федералдык салык кызматынан уруксат алышы зарыл. Ошонун негизинде гана базарда иш жүргүзө алат», - деди ал.

Мындан тышкары, миграция кызматынын башчысы учурда эки өлкөнүн эксперттери кыргызстандык жарандардын Орусияда барып иштөөсүн жеңилдетүү боюнча эки тараптуу келишимдин үстүндө иштеп жаткандыгын, мындай документ 2003-жылдын май айына чейин даярдалаарын кошумчалады.

Ал эми маалымат жыйынына катышкан Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин башкы консулдук башкармалыгын башчысы Руслан Казакбаев үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап, Европадагы өнүккөн 28 мамлекеттин жарандарынын Кыргызстанга келиши үчүн жеңилдетилген виза тартиби киргизилгендигин маалымдады. Анын айтымында, мындай иш-чаралар кыргыз президентинин алдындагы тыштан инвестицияларды тартуу боюнча координациялык кенештин сунушу менен ишке ашырылды.

«Буга чейин ал мамлекеттердин жарандары Кыргызстанга келиш үчүн атайын чакыруу кагазын алышса, эми чакыруусу жок эле Кыгызстанга келе алат. Кыргызстанга келгенден кийин аэропорттон бир айга чейин уруксат ала алат. Эгерде, бир айдан ашуун иш жүргүзүүнү кааласа ишмердүүлүгү боюнча кошумча уруксат алышы керек», - деди Р.Казакбаев.

Ошондой эле, Руслан Казакбаевдин сөзүнө караганда, буга чейин Кытай мамлекетинин жарандары Кыргызстанга дипломатиялык, кызматтык, жана жалпы жарандык паспорт менен визасы жок келишсе, 2003-жылдын 1-январынан баштап дипломатиялык паспорту бар гана Кытайлык жарандардын Кыргызстанга визасы жок келишине уруксат бериле баштайт.

XS
SM
MD
LG