Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

ИСА ПАЙГАМБАР МЕНЕН САНТА КЛАУСТУН ТЕҢДЕШСИЗ ТАЙМАШЫ.


Иса пайгамбардын туулган күнү орустарда Рождество, Батышта Кристмас деген ат менен белгилүү. Бой жетип, баралына келгенде адамзатын сактап калган Иса ымыркайдын жарык дүйнөгө келишинин таржымалы - динчилдер үчүн калетсиз чындык, башкалар үчүн болгону кызыктуу уламыш гана. Глобализациянын доорунда, бирок, Иса пайгамбардын өзү көмүскөдө калып кеткендиги бүгүн хиристиандарды беймаза кылган суроо. Бүгүн Иса пайгамбардын туулган күнүндө башкы каарман деги ким?

Бул окуя Библиядан же Инжилден көпчүлүккө жакшы белгилүү. Кой оозунан чөп албаган момун чал Йозеф жаш колуктусу, кош бойлуу Мария менен Бетлеем шаарына келет. Орустар Вифлием деп атаган бул шаар бүгүн палестиналык аймакта калган. Бирок Бетлеемдин кербен сарайында орун табылбай, жубайлар түндү эгин сакталган кампада өткөрүшөт. Баласы төрөлгөндө, Мария ага Иисус же Иса деген ысым берет. Бешиктин ордуна аны мал жем жеген акырга салып коет.

Библияга ишенсек, Мария күйөөсү болгону менен, аны менен эч качан кошулган эмес. Бул - сыйкырдын бири гана. Бетлеемге жакын жерде турган койчуларга асмандан периште түшүп, жаңы көз жарган бала - эбактан күтүлгөн жөөт пайгамбары Христос экендигин айтат. Койчулар бул сөздү элге жаят.

Ошондой эле асманда жаңы жылдыз жанат, Чыгыш тараптан атчан үч падыша акырда жаткан ымыркайга жыттуу май, алтын белекке алып келишет. Бул эми уламышпы, сыйкырбы, ким билет. Бирок, бир нерсени так айта алабыз. Глобализациянын жана эркин базардын доорунда, Крисмас да глобализациялашып, коммерциялашып кетти. Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөөнүн улам кеңири жайылып баратышын айрымдар нагыз сыйкыр деши мүмкүн, бирок көпчүлүк муну туура көргөн жок. Дүйнө жүзүндө түрдүү диний ишенимдеги элдер Крисматты белгилей башташты. Бирок, «Крисс-Масс» демекчи, таң калыштуусу бул күнү Крис – же Христос өзү жана «масс» же чиркөөдө окулуучу таат улам сейрек көрүнүшкө айланып барат.

Батышта ымыркай Исанын ордун америкалашкан Санта Клаус баскан. Жакасы аппак, кызыл тон, чоң курсак Санта Клаус белек-бечкек толтурулган чанасын сегиз кымындай бугуга чегип алып, Крисмастын алдында келип, балдарга белек таркатат.

Санта Клаус 4-кылымда азыркы Түркиянын аймагында жашап өткөн христиан олуясы Ыйык Никалаустун атынын өзгөртүлүп айтылышы. Крисмас диний маанисин дээрлик жоготуп, жыл этегинде сооданы көбөйтүүнүн бир ыкмасы болуп калды. Ошого жараша, Санта Клаус бүгүн Нью-Йорктон Бейжинге чейинки мейкиндикте сооданын кыймылдаткычына, коммерциялык каарманга айланды. Ал эми Санта Клаустун жасалма сакалын тарткылап, анын желим менен жабыштырылганын көргөндө балдар чоң адамдардын эки жүздүү жашоосунан алгачкы сабак алгандай болушат. Бирок, дүйнө Санта Клаустун жасалма сакалынан башка нерлерлерге да назарын сала баштады.

Австрияда «ымыркай Исанын коому» деп аталган уюм быйыл Санта Клауска каршы 20 миңдей баракча таркатты. Баракчалардын көбү Вена калаасындагы ымыркай Исанын базарында таркатылды. Бул базарда балатынын жасалгалары, кайнак шарап, кол өнөрчүлүктүн боюм-тайымдары менен катар, сансыз Санта Клаус сатылат, бирок ымыркай Исаны күндүзү шам чырак менен издеп таба албайсыз.

Ал эми Англияда чиркөө кызматкери «Санта Клаус бир түндө бүткүл дүйнөдө бардык балдарга белек таркатат деген калпка ишенбегиле» дегенде, балдардын көзүнөн мончок жаш тоголонду. Бирок, кечил алыскы Бетлеемде эркек менен кошулбаган кыздын пайгамбарды төрөгөнүнө ишенүү мындан да кыйын экендигин айткан жок болуш керек.

Ал эми Британиянын Ротари Клубу Христиандык сүйүүнүн жана кайрымдуулуктун быйылкы сезонунда Аяз Аталар үчүн даярдалган жаңы эреже боюнча түшүндүрмө берди. Ага ылайык, балдарды сексуалдык асылуудан коргоо үчүн, Аяз Атаны балдар менен жалгыз калтырбаш керек. Ошондой эле Аяз Ата эч бир шартта чыт курсак баланы да тизесине отургузуп, эркелетүүгө тийиш эмес.

Коммерциялашкан Санта Клауска жана Иса пайгамбардын туулуш жагдайынан күмөн саноого карабастан, Крисмаста көчөлөр кооз жасалгаланып, жер шарынын ар түркүн булуң-бурчунда чиркөөлөргө эл таатка чогулат. Ыр ырдалып, анан, албетте, балдар Дед Мороздун, Аяз Атанын, же Санта Клаустун белек ташыган коңгуроолуу чанасын чыдамсыздык менен күтүшөт. Майрамдын күчү да, кызыгы да ушунда болсо керек. Британиялык улуу жазуучу Чарльз Дикенстин «Крисмас гимни» аттуу чыгармасында Тайни Тим деген баланын айтканы эсеңиздедир. Анда, «Крисмас куттуу, уйкуңуздар тарттуу болсун!»
XS
SM
MD
LG