Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ АБАЛ.


Нарын АЙЫП, Прага Жекшемби күнү Багдад: эл аралык текшерүүчүлөрдүн ишин жеңилдетүү үчүн, Иракка америкалык чалгындоо кызматынын адистери да келсе болот, - деп жарыялады, бирок АКШ ага көнгөн жок. 23-декабр күнү болсо, Иракта бир америкалык аскерий учак атып түшүрүлдү.

Ноябр айынын аягынан бери Бириккен Улуттардын инспекторлору Иракта 150-дөн ашык текшерүү жасады, бирок азырынча кеңири кыруучу куралдын изин таба элек. Текшерүү башталардын алдында кээ бир эксперттер: андай курал кайда катылганын америкалык жана улуу британиялык чалгындоо кызматтары жакшы билет, ошондуктан, алардын маалыматынан пайдаланып, эл аралык текшерүүчүлөр Ирактын расми жарыяларын ылдам эле жокко чыгарат, - деп келген, бирок азырынча ийгилик жок. Ошол себептен, Багдад 22-декабр күнү: курал катылган жерлерди инспекторлорго көрсөтүп берүү үчүн, Иракка АКШнын Борбордук чалгындоо агенттигинин адистери да келсе болот, - деп жарыялады. Бирок АКШнын тышкы иштер министирлигинин маалымат катчысы Филип Риикердин айтымында, бардык керектүү маалымат текшерүүчүлөрдө бар.

Ирак гезиттери дароо: батыш өлкөлөрүнүн чалгындоо кызматтарында эч кандай андай маалымат жок, анткени Иракта чындап эле эч кандай кеңири кыруучу курал өндүрүлбөйт, - деп жаза баштады. Багдаддын мамлекеттик гезиттеринин айтымында, инспекторлор өз ишин аяктап бүтө электе, Батыш Иракка курулай жалаа жаап: ал өз эл аралык милдеттенмелерин "орчундуу түрдө" бузган, - деп айтып, согуш үчүн шылтоо гана издөөдө.

Согушка болсо, чындап эле бардык мүмкүн болгон даярдыктар көрүлүүдө. Мажарстандын өкмөтү өткөн аптада өз аймагында ирактык бозгундарды машыктырууга макул болду. Эми январ айынан тартып өлкөнүн "Ташар" аскерий базасында үч миңге жакын адам машыгып, согуш башталганда, алар америкалык аскерлер менен кошо Иракка кирет.

АКШ азыр Перс булуңунда өзүнүн 60 миңге жакын аскерин кармайт жана январ айында аймакка дагы 50 миңге жакын аскер жөнөтүлөт. Андан тышкары, АКШда дагы 250 миңге жакын адам даярдалышы мүмкүн жана Перс булуңуна учак конуучу эки америкалык кеме жөнөтүлдү.

Ирак аба мейкиндигинде 23-декабр күнү бир америкалык аскерий учак атып түшүрүлгөнүнө АКШ өтө деле көп маани бербегени дагы, согушка даярдык кызуу көрүлүп, америкалык жетекчилик дагы көп чыгым болооруна даяр болуп калганын көрсөтөт. АКШ аскерий күчтөрүнүн биргелешкен ордосунун башчысы генерал Ричард Майерс ошол эле 23-декабр күнү “Предэйтор” аттуу учкучу жок учак атып түшүрүлгөнүн тастыктады: "Бириккен Улуттардын резолюциясы менен Түндүк жана Түштүк Ирактын асманында күзөт жүргүзгөн биздин учактарды алар атып жок кылууга такай аракеттенет жана бүгүн биздин бир “Предэйторду” атып түшүрүштү. Бирок, менин оюмча, бул окуя - конфликттин күч алышынын белгиси эмес, акыркы эки жылда алар андай аракеттерди такай көрүп келген".

Маселе - Америка Кошмо Штаттары өзү дагы андай күзөт иштерин Иракка каршы баштала турган согушка даярдык катары колдонуп жаткандыгында. Ошондуктан, согуш кандайдыр бир ченемде башталып да калды десе болот, анткени ага болгон даярдык дагы - согуштун бир бөлүгү.

1991-жылдагы Перс булуңундагы согуштан кийин Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Ирактын түндүк жана түштүк аймактарын "коопсуздук зоналары" деп атап, алардын үстүнөн Ирактын аскерий учактарынын учушуна тыюуу салган. Ал аймактарды 11 жылдан бери америкалык жана улуу британиялык учактар көзөмөлдөйт жана мурда аларга каршы ок атылса же ал учактарга Ирактын радарлары багытталып калса эле, такай чуу чыкчу.

"Ройтерс" агенттигинин аналитиктеринин айтымында, акыркы мезгилде АКШ менен Улуу Британия андай күзөттү Иракка каршы согушту даярдоо иштерине жигердүү пайдалана баштады. Биринчиден, алар Ирактын абадан коргонуу түзүлүштөрүн такай бомбалап, аларды керектен чыгарууда. Экинчиден, кээ бир мамлекеттер өз аскерий базаларын АКШнын пайдалануусуна берүүгө макул болбой жаткандыктан, АКШ азыр деңизден чабуул жасоого бир топ даярдык көрүп койду. Ошондуктан, эмки согуштун башталышы 91-жылдагы согуштукундай узакка созулбайт.

XS
SM
MD
LG