БИШКЕК. Республиканын чар тарабынан чакыртылган окуучулардын урматына балдардын элдик үлгүдөгү «Жаш кыял» бий ансамбли Тоо Жылына жана 2003-жыл - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттүүлүгүнүн жылына байланышкан театрлаштырылган жаңы жылдык оюн-зоокту тартуулашты. Андан соң президент Аскар Акаев окуунун алдыңкыларына «Келечек» программасынын стипендиасын жана диплом сыйлыктарды тапшырды. Окуучулардын Казакстандын Астана калаасында өткөн эл аралык олимпиадасында жеңишке жетишкен Бишкектик 4 окуучуга байгелерин тапшырды.
25-декабрда улуттук опера жана балет театрында окуучулардын «Алтын балаты» аттуу президенттик елкасы болду.
Аманбек Дилденбай