Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Иракка каршы башталышы мүмкүн болгон согушка карата Түркиянын позициясы так айтыла элек.


Иракка каршы мүмкүн болчу ар кандай согуштагы Түркиянын позициясын талкуулоо үчүн Түркия парламентинин төрагасы Булент Аринч жабык эшик артында талкуу өткөрүүнү сунуш кылды.
Аринчтин айтымында, мындай маанилүү маселеде акыркы сөздү саясатчылар менен өкмөт айтышы керек.
Кечээ күнү премьер-министр Абдулла Гүл Анкара шаарында Түркия НАТОнун мүчөсү катары өзүнө Ирак боюнча эч кандай милдеттенме алган эмес деп билдирген.
Түрк өкмөтү мүмкүн болчу Ирак согушундагы өлкөнүн ролун бүгүн талкуулайт. Түркиянын саясый жетекчилиги менен Улуттук Коопсуздук Кеңеши Ирак боюнча өз бүтүмдөрүн жума соңунда айтааары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG