Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:30

ТЕХНОЛОГИЯ ЗАМАНЫНДАГЫ РЕКЛАМА.


Нарын АЙЫП, Прага Батыш өлкөлөрүндөгү технология өнүккөн сайын, рекламанын улам жаңы түрлөрү пайда болууда жана реклама үчүн төлөгөн бай компаниялар, өз кезегинде, технологиянын өнүгүшүнө өбөлгө болууда.

Рекламага көнбөгөн "советтик" телекөрүүчүлөр эмгиче - кайсы бир каналда реклама башталганда, телевизорун башка каналга коет. Кээ бир рекламалык көрсөтүүлөр чындап эле катардагы адамдын кыжырын кайнатат, бирок дал ошондой ыкма менен алар эсте калат. Экинчи жагынан, деги эле реклама Кыргызстанда жана башка борбор азиялык жумурияттарда алдыңкы технологияларга жете элек жана бул өлкөлөрдө анын талабына жооп бере ала турган ири бизнес деле жок.

Бирок бизнеси өнүккөн жана айланма каражаттары кеңири өлкөлөрдө реклама чоң мааниге ээ жана реклама ээлери кээде илимпоздор менен инженерлер алдына жаңы маселелерди коюп, илим менен технологияны алдыга жылдырат. Илгертен илимди согуш менен аскерий талаптар өнүктүрүп келген болсо, акыркы убакта аскерий өндүрүш менен реклама өндүрүшү тең-тайлаша баштады десе жаңылыштык болбос.

Интернет өнүккөн сайын акыркы мезгилде рекламанын да жаңы түрлөрү пайда болууда. Мисал үчүн, интернеттин ичинде издөө жүргүзүүгө адистешкен кээ бир фирмалар үстүбүздөгү жылы ири кирешеге ээ болду, анткени андай издөөнүн жыйынтыгына илинип, алдыңкы орундарга жайгашуу мүмкүнчүлүгү үчүн кээ бир компаниялар аларга эбегейсиз акча төлөйт. Натыйжада, кайсы бир маселе боюнча интернетке кирип, бир нерсени издеген адам ошол компанияларга туш болуп, алардын кардарына айланат. Эксперттердин айтымында, үстүбүздөгү жылы интернеттеги реклама үчүн алтыдан сегиз миллиард долларга чейин каражат сарпталды.

Бишкек тургундарына таанымал көчөдө орнотулган реклама тактайларына байланыштуу да батышта азыр жаңы изилдөөлөр жүрүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдө андай тактайлар азыр жөн гана рекламалык сүрөт чапталган нерсе эмес, электрондук рекламага айланууда. Мурда андай тактайларга эки-үч ар башка реклама жазылып, алар бир-бирин мезгил-мезгили менен алмаштырып турчу, эми болсо, технологиянын жетишкендиктерин пайдалануу менен андай тактайларды өзүнчө эле телевизорго айлантуу мүмкүн.

Мисал үчүн, АКШнын "Алэрис Медиа Нетвөркс" аттуу компаниясы тапкан технология боюнча, андай электрондук тактайларга - көчөдөн машине айдап өткөн адамдардын кызыкчылыгына төп келген реклама орнотуу мүмкүн жана андай реклама үлгүлөрүн улам алмаштырып турса болот. Батышта мындай жаңы реклама тактайларын "акылдуу реклама" деп атай башташты. Мисал үчүн, андай "акылдуу рекламага" орнотулган электрондук аспаптар жолдон өткөн машинелердин ичиндеги радио кайсы радиостанциянын уктуруусун кармап атканын биле алат, ан үчүн машиненин үстүндө орнотулган антеннадан чыккан радиотолкундарды кармап пайдаланса болот.

Эки-үч сааттын ичинде жолдон өткөн машинелердин радиолорун изилдеп чыккан андай "акылдуу реклама" азыр бул жол аркылуу көбүнчө бизнесмендер үчүн иштеген радионун уктуруулары кармалып жаткандыгын аныктаса, дароо бизнесмендерди кызыктыра ала турган реклама табылып тактайга орнотулат. Көчөдөн машине айдап өткөндөр кайсы бир жалгыз радиостанциянын укутурууларын кармап жаткан болсо, "акылдуу реклама" интернет аркылуу дал ошол үналгы түйүнүнүн интернет барагын таап, ал радионун көпчүлүк угуучулары ким экендиги тууралуу малыматты алып пайдаланат.

"Алэрис Медиа Нетвөркс" компаниясынын президенти Том Лангеланддын пикири боюнча, реклама келечекте дал ушул багытта өнүгөт. Компанияны керектүү электрондук аспаптар менен жабдыган "Мобилтрэк" фирмасынын кызматкери Филис Нейлдин айтымында болсо, мындай ыкма менен көчөдөн өткөн машине айдоочуларынын канчасы үйлөнгөн, канчасы бойдок, алар кайсы ресторанда тамактанат жана кайсы дүкөнгө көбүрөөк барат деген сыяктуу маалыматтарды тапса болот.
XS
SM
MD
LG