Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

ВИФЛЕЕМДЕ МАЙРАМДЫК МААНАЙ СЕЗИЛБЕЙТ.


Улан Алымкул уулу, Прага Бул күндөрү дүйнөнүн христиан жамаатынын басымдуу бөлүгү Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилеп жатат. Майрамга байланыштуу шейшембиден шаршембиге караган түнү Иса пайгамбар туулган жер катары эсептелген, Вифлеем шаарындагы христиан чиркөөсүндө салтка айланган диний жөрөлгө өттү. Бирок, кабарчылар билдиргендей, шаарда майрамдык маанай сезилбейт.

Вифлеем -1995- жылдан тарта Палестин автономиясынын башкаруусундагы шаар, бирок ушу тапта атуулдардын шаарга кирип чыгуусун Израил аскерлери көзөмөлдөөдө. Палестин аймактарындагы антитеррордук операциянын алкагында Израил соңку ирээт аскерлерин бул жерге өткөн айда алып келди. Буга вифлеемдик палестин террорчусунун Йерусалимде жөөттөр түшкөн автобусту жардырып, 11 адамды мерт кылганы себеп болгон эле. Рим папасы Йоан Павел экинчинин өтүнүчүнөн кийин майрам күндөрү жөөт аскерлери шаардын чет жакасына чыгарылды. Анткен менен Израилдин аскерий өкүлдөрү билдиргендей, жоокерлер кокус шектүү маалымат болуп, кооптуу жагдай түзүлсө, кайтып келүүгө даяр.

Иса пайгамбардын туулган жери катары эсептелген Вифлеемде, тарыхый маалыматтарга караганда, пайгамбардын урматына тургузулган христиан чиркөөсүнүн курулушу биздин доордун 315-330-жылдарына барып такалат. Жыл сайын майрам күндөрү ал жерде өтө маанилүү деп саналган түнкү диний жөрөлгө өтөт. Быйыл Вифлеемдеги чиркөө эл аралык коомчулуктун көңүлүнө өзгөчө алынды. Жаз айларында чиркөөгө жоон-топ куралчан палестиндер кирип алганда, жөөт аскерлери ал жерди 40 күндөй камалашкан. Израил тараптын ишениминде, чиркөөгө палестин террорчулары жашынган. Андагы кризис батыш дипломаттарынын кийлигишүүсү аркасында чечилип, чиркөөдөгү куралчан палестиндердин он-чактысы өлкөдөн чыгарылган эле.

Рим-католик чиркөөсүнүн Йерусалимдеги башчысы, патриарх Мишель Сабба шейшембиден шаршембиге караган түнү өткөргөн диний жөрөлгөгө жергиликтүү христиандардан тышкары батыш дипломаттары да катышты. Диний жөрөлгө учурунда сүйлөгөн сөзүндө патриарх, жөөт-палестин чатагынан четтеп кете алган жок. Ал Жакынкы Чыгыштагы тынчтык үчүн жоопкерчиликти көбүнесе Израил тарапка жүктөдү.

"Силердин шаарлар менен көчөлөрдө кан агууда. Бирок, жаңжаалды чечүүнүн ачкычы - силердин колуңарда. Силер жаңы көз караштагы, жаңы лидерлерге муктажсыңар же өз лидерлериңерге тынчтык жана коопсуздук алып келүүчү жаңы нукту кабыл алууга жардам беришиңер абзел " ,- деди Рим-Католик чиркөөсүнүн Йерусалимдеги башчысы, патриарх Мишель Сабба.

Ошондой эле патриарх Сабба диний жөрөлгө учурунда ага катыша албай калган палестин лидери Ясир Арафаттын дарегине жылуу сөздөрдү жолдоду.
Мусулман Арафат палестин лидери катары 1995-жылдан бери Иса пайгамбардын туулган күнү белгиленип жатканда, Вифлеемде өтүүчү диний жөрөлгөгө такай катышып келген. Бирок, былтыр да, быйыл да Израил өкмөтү Арафаттын майрам күндөрү Рамалладан Вифлеемге келүүсүнө тыюу салды. Мындай чечимдин себебин Израил бийликтери Арафат палестиндер тарабынан жасалган террордук чабуулдарды токтомок тургай, ага кошумча болуп келгени менен түшүндүрүүдө.

Андыктан Арафат быйыл да палестиналык христиандарды майрамы менен Рамалладан куттуктап, алар менен болчокто Вифлеемде, Йерусалимде жолуга алаарына ишеним билдирди. Палестинадагы христиандардын басымдуу бөлүгү да Вифлеемде жана анын айланасындагы айыл-кыштактарда жашайт. Алар бул аймактын 140 миң калкынын 35 % түзөт.

Кабарчылар билдиргендей, быйыл Вифлеемде майрамдык маанай, шан-шөкөт көп сезилбейт. Шаардын борбордук аянты жасалгаланган эмес. Майрамдык белгини түнкү диний жөрөлгө өткөн чиркөөнүн айланасынан гана байкоого болот. Ошондой эле быйыл шаардын тарыхында биринчи ирээт майрамдык балаты орнотулган жок. Вифлеемдин мэри Ханна Нассер мындай кадам – «Израилдин оккупациясына каршылык көргөзгөндүк», деп билдирди.

XS
SM
MD
LG