Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Президент Аскар Акаев Талас областында болду.


Машакбай Рахманкул уулу

ТАЛАС. 26 декабрда Аскар Акаев Талас областында болду. Анын иш сапары улуттук «Манас Ордо» комплексине зыярат кылуудан башталды. Ушундан соң ал Талас шаарынын активинин алдында сөз сүйлөдү. Кыргыз-Кытай чек ара маселесине токтолгондо талаштуу 5 участоктун Кыргызстан үчүн эң маанилүүсү Үзөңгү-Кууш эмес Хан-Теңири, Жеңиш чокулары жана Эркечтам участогу экендигин, алардын көпчүлүк бөлүгү Кыргызстанга калгандыгын айтты. Ошондой эле ал Аксы окуясынын чыгып кетиши өкмөттүн шалаакылыгынан болгондугун моюнга алды. 2 саатка жакын сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы оппозициялык күчтөрдүн дооматтарына токтолгону менен, бир да саясатчынын атын атаган жок. Жарыш сөзгө чыккандардын ичинен Мамбеталиев деген карыя «оппозициялык саясатчыларды чукулунан коомдон четтетиш керек» деген сунуш айтса, Кара-Буура районунун мугалимдеринин атынан сүйлөгөн Акматова Аксы окуяларынын күнөөлүлөрүн тезирээк жоопко тартуу өтүнүчүн айтышты. Түшкөн суроолорго жооп берүү учурунда Аскар Акаев мурдагы губернаторду «төө буурчактын ызы-чуусу токтосун" деп Жогорку Кеңештин өтүнүчү боюнча кызматтан алгандыгын айтты. Президент менен бирге анын жубайы Майрам Акаева да кошо келип, Кыргыз-Түрк кыздар лицейинде, Талас университетинде жана Талас шаарындагы №3 мектеп-гимназиянын милдеттүү медициналык камсыздандыруу борборунда болуп, жалпы суммасы 284 миң долларлык даары-дармек тапшырды.

XS
SM
MD
LG