Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

КЫРГЫЗ БАСЫЛМАЛАРЫНАН БАЯНДАМА.


«Моя столица» гезитине колдоо-жөлөк болчулардын башында белгилүү жазуучу Жылкычы Жапиев турат.

«Эл сырттагы кайдыгер байкоочу болбой калган. «Моя столица» башында турган эркин басылмаларды колдоочулардын коомдук комитетинин кезектеги жыйынына кечээ укук коргоочулар, партия, коомдук уюмдар жетекчилери, Кыргызстандын аттуу-баштуу адамдары, басылманы барктаган окурмандар арбын келишти»,- деген маалымат аталган гезитте жарыяланды. «Моя столица» гезитине колдоо-жөлөк болчулардын башында белгилүү жазуучу Жылкычы Жапиев турат. Жыйын катышуучулары оболу президент А.Акаевге кайрылуу жолдомой болушту. Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында кош жарандык маселеси талкууланып, ага катышкандар Конституциянын 13-беренесинин 2-пунктун алып салуу сунушун Конституциялык Кеңешмеге жөнөтүштү. Депутаттардын пикири боюнча, эгер сунуш өтүп кетсе, ушу тапта Орусияда иштеп жүрүшкөн 500 миңге жакын кыргызстандыктардын проблемасы оңуна чечилет эле. Ушул эле гезитте Санжарбек Зулкарнайын Орусия 530 миң кыргызстандыкка узак мөөнөткө келип иштөөгө шарт түзүп берүүгө макулдугун бергенин маалым кылды.

Кыргызстандын түштүгүндөгү телекүйөрмандарды умсунтуп өзбек телеканалы аркылуу жыл бою көрсөтүлгөн «Эсмеральдо» телесериалы аягына чыкканын, бардык ишин таштатып, телеэкран элдин баарын жарым саатка жакын чогултканын бейшембиде «Вечерний Бишкек» гезитинде жарыяланган жол очеркинде Асель Оторбаева маалым кылды. Ал эми Жалал-Абад шаарындагы кайсы бир ишкер зайып автомай куюучу жайды «Бен-Ладен» деп атап алган. Мексикалык телесериал аяктагандан берки эл арасындагы сөз мына ушул май куюуучу жайдын айланасындагы кеп-сөздөр. Белгилүү кыргыз кинорежиссеру Актан Арым Кубат келерки жылда «Жарык» деген болжолдуу аталыштагы жаңы тасманы тартууга киришерин анын ушул эле гезитте жарыяланган маегинде маалымдалат. Жаңы тасма Таш-Көмүр же Майлуу-Суу шаарынын жака-белинде тартылмакчы.

Орусияда иштеп жүрүшкөн кыргызстандыктар жакынкы аралыкта ал жерден куулуп чыгарылбастыгын бейшембиде «Слово Кыргызстана» гезити да маалымдады. «Кыргызстандын азыркы саясатын идеалдуу деп айтыш кыйын. Ал азырынча өкүмзор-башкаруучулуктун күүсүнөн толук чыга элек, бардыгына мамлекет үстөмдүк кылып алган», деп эсептейт Американын Борбор Азия университетинин окутуучусу Дукенбаев. Анын «Телегейи тегиз саясат» деген макаласы гезиттин жаңы санында жарыяланган. Дукенбаев Кыргызстанда төртүнчү бийлик – президенттик администрация түзүлгөнүн, ошондуктан президент менен өкмөттү бириктирүү сунушун айтат. «Кыргызчылыкты» кантип жоебуз?» деген макаласында мыйзамчы депутат Орозбек Дүйшөев экс-президентке кол тийбестик укугу берилип, мурунку жасаган иштери үчүн эч кандай жооп бербестиги жөнүндөгү конституциялык өзгөрүүлөр мыйзам алдында баары бирдей деген негизги принципке кайчы келерин белгилейт. Анын пикиринче, экс-президентке мурда алып жүргөн маянасынын 70% өлчөмүндө пенсия бөлүп берүү жетиштүү.

Жума күнү жарыкка чыгуучу «Агым» гезитинен окурмандарды эмне күтөрүн басылманын жооптуу катчысы Аскер Сакыбаева айтып берди: «Агымдын жаңы санында Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбеков менен парламент депутаты Жаныш Үрүстөмбековдун гезит окурмандары менен маеги жарык көрмөкчү. Конституцияга киргизилчү өзгөрүүлөр тууралуу «тегерек үстөл» маегинин уландысы басууга даярдалууда. «Кыргызстан аба жолдору» компаниясындагы талаш тууралуу материал да гезиттин жаңы санында чыгат».

«Кыргыз Ордо» гезитинде да жаңы жылга арналган материалдар арбын. Гезиттин башкы редакторунун орунбасары Марип Тайчабаровдун маалымдашынча, басылмада жылдын мыкты адамдары тууралуу атайын материал жарык көрмөкчү. Мыктыларды окурмандар өздөрү аныкташкан. Азизбек Чамашевдин «Жамалган демократия» деген аталыштагы макаласы Кыргызстандагы реформаларга арналган.
XS
SM
MD
LG