Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Кытай: пираньи балыгынын күнү бүттү.


Кытай бийликтери жырткыч майда балыктардын тукумуна кирген пираньи балыгын өстүрүүгө тыйуу салганын өкмөттүк «Чайна Дейли» гезити кабарлады.
Пираньи балыгынын түпкү жайы Түштүк Американын Амзонка өрөөнү. Гезиттин жазышынча, Бээжин аквариуму жарлыкка байланыштуу 300-дөй пираньи балыгын өлтүрүп жок кылган. Кытайдын түштүгүндөгү Сары дарыяга эркин кое берилген пираньи башка балыктарды жеп-кырат деген коркунучтан улам, аларды өстүрүүгө тыйуу салынды деген божомол бар.
Чоңдугу 51 сантиметрден ашпаган пираньи балыгы кез-кезде адамдарга да кол салгандыктан, аны өстүрүүгө дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө уруксат жок.

XS
SM
MD
LG