Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:32

Премьер-министрдин доо арызы боюнча алгачкы жолугушуу болду.


БИШКЕК. 27-декабрда Бишкектин Ленин райондук сотунда премьер министр Николай Танаевдин «Моя столица» гезитинин редакциясын жоопко тартуу тууралуу арызы боюнча доогер жана жоопкер тараптардын алгачкы жолугушуусу болду. Жолугушууга Николай Танаевдин адвокаты Николай Жучков жана «Моя столица» гезитинин саясат бөлүмүнүн башчысы, өкмөт башчысынын арызына негиз болгон макаланын автору Рина Приживойт адвокаты Сергей Воронцов менен кошо катышты. Рина Приживойт макалада ката кетиргендигин мойнуна алып, Танаевден кечирим сураган катты сотко тапшырды. Сот арызды кароону жаңы жылдын 10-январына белгиледи. Анткени, Николай Танаев гезит аркылуу кечирим суроодон башка моралдык чыгымы үчүн редакциянын 1 миллион сом, гезиттин уюштуруучусу Александр Ким 2 миллион сом жана макала автору Рина Приживойт 220 миң сом айып тартуусун талап кылган.

XS
SM
MD
LG