Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Казакстандын борборунда Борбордук Азия Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин жолугушуусу башталды.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. 27-декабрда Казакстандын борбору Астана шаарында Борбордук Азия Кызматташуу Уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин жолугушуусу башталды. «Жолугушууга катышуу үчүн президент Аскар Акаев жума күнү эртең менен Астана шаарына жөнөп кетти», деп маалымдады президенттин маалымат кызматы. Алынган маалыматка караганда, адегенде мамлекет башчылары жекеме-жеке жолугушат. Андан соң кеңири курамда отурум өткөрүлөт. Аталган жыйында үстүбүздөгү жылдын 5-октярында Дүйшөмбү шаарында өткөн саммитте кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, коопсуздук жана экономикалык багыттагы кызматташуу маселелери талкууланат. Борбордук Азия кызматташуу уюмуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, жана Тажикстан кирет.

XS
SM
MD
LG