Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

ТӨКМӨ АКЫН, БЕЛГИЛҮҮ ОБОНЧУ-ЫРЧЫ.


Кезегинде аял баштары менен сандагычтай таңшышып, казак, кыргыздын залкар акындары менен сайышка түшкөн баатырлардай, күрөшкө түшкөн балбандардай, байгеге кошкон күлүктөрдөй элире да, эргий да, белдерин бекем буушуп, ак билектерин шымалана түшүрүп өнөр жарышында ат салышкан эжелери Сырганын, Оралдын, Саржандын, Саранын, таяэжелери Балкы кыздын, Алмакандын, Рыскүлдүн жана башка төкмө айым акындардын азыркы күндө жолдорун жолдоп, өнөрлөрүн улап келе жаткан ар тараптуу шыктагы жаш шайырдын бири – Майра Керим кызы.

Адатта, угуучулар жаактарын жана кындан кылыч суургандай ыр берметтерин нөшөрлөтө төккөн ак таңдай төкмөлөрдүн айтыштарын ташты жарып чыккан кайнар булактын көзүнө салыштырышат.

Кезегинде аял баштары менен сандагычтай таңшышып, казак, кыргыздын залкар акындары менен сайышка түшкөн баатырлардай, күрөшкө түшкөн балбандардай, байгеге кошкон күлүктөрдөй элире да, эргий да, белдерин бекем буушуп, ак билектерин шымалана түшүрүп өнөр жарышында ат салышкан эжелери Сырганын, Оралдын, Саржандын, Саранын, таяэжелери Балкы кыздын, Алмакандын, Рыскүлдүн жана башка төкмө айым акындардын азыркы күндө жолдорун жолдоп, өнөрлөрүн улап келе жаткан ар тараптуу шыктагы жаш шайырдын бири – Майра Керим кызы. Атасы казак, энеси кыргыз. 1983-жылдан кыргызга келин. Алмата облусунун Кеген районуна караштуу Жылуу-Сай айылында туулган. Караколдогу Касым Тыныстанов атындагы университеттин тил жана адабият факультетин бүтүргөн. Облусттук Касымаалы Жантөшов атындагы театрында, Маданият үйүндө иштейт. Азыркы кезде жаш шайыр өзү бүтүргөн Университеттин алдындагы төкмө акындык, дастанчылык өнөрү боюнча студияны жетектейт. Ал акыркы он жылдан бери акындык, обончу-ырчылык өнөрчүлүккө баш оту менен кирип, баш байгелерди биринен сала бирин жеңип, угучуулардын урматына бөлөнүп кетет. 2000-жылы жаш төкмө кыргыздын шайырларынын атынан Англияда өткөн 33 өлкөнүн оозеки чыгармачылыгынын өкүлдөрү катышкан чоң кароо-сынакка катышып кыргыздардын ар намысын коргоп келди.

Жаңы жылдын алдында залкар акын Ашыраалы Айталиевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына карата өткөн Республикалык айтышта Майра айым баш байгелердин бирин жеңип алды.

- Майра айым, студияга кош келипсиз. Канча жашыңыздан баштап айтышка түшө баштадыңыз?

- Мен 28, 29 жаштарымда 90-жылдары алгачкы жолу Казакстанда Бөлтүрүк Атыхан уулунун 120 жылдык мааракесинде акындар айтышына катышып, акындардын дайрасына түшө баштадым.

- Майра айым, «өнөр алды кызыл тилди» кесип кылып алгандан бери, төбөлөрү калкка көрүнгөн казак, кыргыз төкмө акындарынын дээрлик баардыгы менен айтыштыңызбы?

- Эми эки элдин казынасында жаш акындар азыр кудайга шүгүрчүлүк. Ошол акындардын арасында төркүндүн төрүнө барып, кыргыз элинин алаканында жүрүп айтышып жүрөбүз. Балдардын келечеги зор. Казакта айтышкан акындарыман Төлөжан Кумаров, Айытакун Булгаков, Эрмек Жуматаев, Эсенкул Жуматаев, Асанкул Жакыпбеков, Сейтек Бапанов. Бекосматов деген жаш бала бар эле, көрүнбөй кетти. Бирок ошолордун арасынан суурулуп чыгып жүргөндөрү эл аралык акындар айтыштарына келип жүрүшөт. Аларды биз көрүп жүрөбүз. Кечөө Өзбекстандан келген Бөрүбай да казак элинин кулуну. Ал эми өзүбүздүн кайынилериме, кайнагаларыма, кайнаталарыма келе турган болсом Ашкемдин акылдуу сөздөрүнөн, Тууганбай аганын туздуу кептеринен, Эстекенин эстүү сөздөрүнөн, Замирбек аганын керемет салмактуу кептеринин бир тобун куржунга жыйнап жүрөбүз. Кечөөгү Абдылдалардын изин басып келе жаткан балдардан Амантай, Элмирбек чыгып келе жатат. Жеңишбекке Кудай кут кылсын, жакшы талантты Кудай-Таалам бул балага да ыйгарыптыр. Мына бүгүнкү айтыш фондусунда ордого келип дагы бир сынга түштүк. Өткөн айтыштарда Замирбек ага тарбиялап аткан Азамат ат салышты. Анын келечеги зор, Шекербек да жакшы такшалып калыптыр. Элмирек менен Жеңишбек азыркы жаштардан чыккан эки үзөңгү деп койсом ашык кеп болбойт.

- Бу жүрөктөн кирип, бойду алган обондорду чыгарып калышыңызга төкмө акынчылыгыңыз себепкер болдубу же кереметтүү табийгаттын тагдыры таасир эттиби?

- Табигат бергенден кийин жалпы дүйнө берет го, өнөрдү эгиз өнөр деп айтса ашык эмес. Себеби төкмөлүк өнөр Көктөн келгенби, Теңир бердиби не бир башкача касиеттүү өнөр. Адамдын жан дүйнөсү берилгенден кийин эргибеген адам жок го. Ошонун жаатында эле, ошонун дармети менен эле обондорду жаратып жүрөм. Турмуш бейнесине көбүнчө көңүл ыргактарына, сезим ыргактарына багынган убакыттарда, нота билбесем дагы, музыкалык сабатым жок болсо да табыйгаттын кандайдыр бир дүрмөтү жан дүйнөмдү козгоп бир башкача абалга алып келет. Ошол убакта обон жаралат.

- Майра айым, убакыт таап, көңүл бөлүп, ак дилден баардашканыңызга чоң ырахмат. Келе жаткан жаңы жылыңыз кут болсун! Жаңы жыл ден-соолуктун, чыгармачылыктын куттуу жылынан болсун! Кайрадан эфирден көрүшкөнчө бар болуңуз!

XS
SM
MD
LG