Кошмо Штаттары Түркияга өзгөчө финансылык жардам көрсөткөнгө даяр. Бул тууралуу АКШнын финансы министринин орунбасары Жон Тэйлор билдирди.Ал азыркы кезде Анкарада визит менен жүрөт. Эки күндүк талкууларда тараптар ушундай макулдашууга жетишкендигин айтып, бирок Тэйлор Түркияга көрсөтүлө турган жардамдын суммасын атаган жок. Мунун баары Түркия Иракка каршы болжолдонуп жаткан согушта АКШга кандай көмөк көрсөтөрүнө жараша болот. Айрым маалыматтарда америкалыктар Анкарага 28 миллиард доллар финансылык жардам сунуш кылганы айтылат. Түркиянын башкаруучу партиясынын лидери Эрдоган кечээ ООНдун инспекциясынын жыйынтыгы чыгарылмайынча Түркия Иракка каршы согушту колдобой тургандыгын билдирген эле. Иракка каршы киргизилген санкциялардан Түркия өзүн он жылда 40 миллиард доллар чыгым тартты деп эсептейт.