Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

АКШ эксперттердин бүтүмүн күтө турган болду.


АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл кечээ күнү Америка телекөрсөтүүсүнөн сүйлөп, Вашингтон Иракка каршы күч колдонуу маселесин чечкенден мурда, Улуттар Уюмунун эксперттеринин ишинин жыйынтыгын күтө тургандыгын билдирди. К. Пауэлл АКШнын Перс булуңуна кошумча аскер жана согуштук техника жөнөтүү себебине токтолуп: “Биз каруу-жарак инспекторлорунун ишинин жыйынтыгын тынчсыздана күтүүдөбүз. Президент Ж. Буш күч колдонуу же Улуттар Уюмуна кайра кайрылуу боюнча бир бүтүмгө келе элек. Анткен менен, кырдаалга өтө дыкат көз салуудабыз жана өз позициябызды тактап, зарылдыкка жараша куралдуу күчтөрүбүздү жайгаштыруудабыз”,- деди.

XS
SM
MD
LG