Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

ЖОРЖ БУШ: АТАНЫН ЫКЫБАЛЫ БАЛАГА ШЫБАГАБЫ?


Быйыл Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буштун саясий ооматы жүргөн жыл болду. Анын партиясы ноябрдагы шайлоодо конгресстин эки палатасын тең контролдогонго жетишти. Президенттин калк арасындагы алымдуулугу али төмөндөй элек. Бирок “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп беришкен америкалык бир катар эксперттер Буштун ыкыбалы бир күндө эле бөксөрө түшүшү мүмкүн дешет. Эмнеге?

Азыркы президент Жорж Буштун зоболосуна былтыркы жылдын 11-сентябрындагы окуялар чоң огожо болду. Конгресстин эки палатасында тең Буштун антитеррордук максаттарга арналган тышкы саясаты текши колдоого алынып турду. Жадесе сенатта демократтар көпчүлүктү түзүп турган кезде да президенттин демилгелери кандайдыр бир олуттуу каяша-каршылыктарга туш болгон жок. Ноябрдагы шайлоодо болсо конгресс толугу менен Буштун республикалык партиясынын контролдугуна өттү. Натыйжада президенттин төрт тарабы кыбыла болуп, ички-тышкы бардык иштерди батыл жүргүзгөнгө кенен жол ачылды. Буштун азыркы саясий зоболосу, көпчүлүк байкоочулардын ишениминде, эмдиги президенттик шайлоодон кийин да ага Ак Үйдө калганга шарт түзөт. Анын үстүнө анын мурдагы олбурлуу оппоненти Альберт Гор келерки шайлоого катышпай турган болду. Бирок ал өз партиясынан президенттикке талапкер атала турган кандидаттарга бардык чаралар менен көмөктөшкөнгө убада берди. Гор азыркы президенттин ички жана тышкы чөйрөдөгү иштерин кескин сынга алып, администрациянын экономикалык саясаты Кошмо Штаттардын лидерлигине дүйнөдө ишеним кризисин пайда кылат деп билдирди.

“Азаттыктын” суроолоруна жооп беришкен америкалык эксперттер да Буштун талуу жери деп дал ушул экономиканы аташты. Вашингтондогу саясий иликтөөлөр борборунун аналитиги Жеймс Линдсэй, мисалы, кокус өлкөнүн экономикасы алдыдагы жылдары эңкейиштеп кетчү болсо, анда Буштун азыркы популярдуулугунан эчтеме калбайт деп эсептейт. Америкалык электорат адатта ички саясатка, айрыкча экономикалык көрсөткүчтөргө көп көңүл бурат. Бул ойго кошулуп, Виржиния университетинин саясий аналитиги Ларри Сабато азыркы президенттин атасы бир кезде дал ушул экономикалык фактордон улам шайлоодо Билл Клинтонго уттуруп жибергендигин эске салды. Эгер экономика начарлап кетсе, анда, эксперттин болжолунда, Буштун экинчи мөөнөткө президент болгонго мүмкүндүгү калбайт. Тескерисинче, ал бир кезде атасы туш болгон ыкыбалга кабылышы ыктымал. “Мындай шартта конгресстин колдоосу кеп болбой калат, анткени экономика деген океандагы эпсиз ирим сыяктуу нерсе, ал баарын оп тартып кетет”, дейт Сабато. Анын үстүнө кенже Буштун саясий ыкыбалында да атасынын тагдырындай эле Ирак чечүүчү мааниге ээ болушу ыктымал. Кокус Ирактагы согуш оңунан чыкпай калса, президенттен республикалык партиясы кол үзүп кетеринен Жеймс Линдсэй күмөн санабайт. Эгер анын кеңешин укса, Буштун администрациясы акылга салып бийлик жүргүзүп, куулук-шумдуктан сак болгону ийги. Кокус жуйкурлукка салгысы келсе, анда, Линдсэйдин апазында, Буш 60-жылдардагы президент Линдон Жонсондун абалында калышы ыктымал.

Айтмакчы, былтыр Ооганстандагы операциялар башталганда да бир катар аналитиктер президент Бушка ушуга окшош эле ыкыбалдарды ыроолошкон эле. Бирок эксперттердин божомолдору акталган жок. Ирактагы иштер да оңунан чыгып калса эмне болот? Анда, көпчүлүк эксперттердин пикиринде, президент Бушка экинчи мөөнөткө Ак Үйдө калганга шыдыр жол ачылат, экономика экинчи пландагы фактор болуп чыгышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG