Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:54

ОРУС БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ.


Төрөкул Дооров, Москва

Борбордук Азия аймагындагы саясий абалды талдоого алып, ага аймактын өзүндөгү өлкөлөрдүн гана эмес, АКШ, Орусия өңдүү ири державалардын таасирине ой жүгүрткөн макала «Российские вестиде» жарык көрдү (25.12.2002). Журналист Никита Николаев “региондогу өлкөлөрдүн бүгүнкү саясий орду КМШнын өнүгүү жолунда түшүнүксүз бойдон калууда” дейт. “Анткени, буга чейин орун алып келген Орусия менен АКШнын ортосундагы карама-каршылыктан пайдалануу бүгүн башка кызыкчылыктар менен алмашылды. Борбордук Азияга көз арткандардын ичинде булардан сырткары жакынкы коңшулаш өлкөлөр: Кытай, Япония, андан сырткары Түндүк Корея да кошула баштады” деп жазат «Российские вести». Бирок, автордун оюнда, алар бүгүн Түркмөнстандагы саясий абалды жана Түркмөнбашынын жеке мүнөзүн эске алуу менен Түркмөнстанга басым жасашы мүмкүн эмес. Алар бүгүнкү күнгө чейин өлкөдөгү ички саясий абалды туруктуу сактоо максатында сырткы таасирден көз каранды болуп келишкен Кыргызстан менен Тажикстанга басым жасашы мүмкүн. Буга далил катарында, журналист Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аскерий кызматташтыгындагы акыркы мезгилде байкала баштаган жанданууну, ошондой эле Тажикстан менен АКШнын аракеттерин келтирет.

Орусиялык басма сөз беттеринде Сибирь дайраларын Орто Азия аймагына буруу тууралуу Москва шаарынын мэри Юрий Лужковдун долбоорун талкуулоо дале болсо кызуу жүрүүдө. Буга карата «Парламентская газета» (28.12.2002.) долбоор жактоочусу Лужковдун оюн жарыкка чыгарса, «Известия» (28.12.2002.) долбоорду четке каккан Омск областынын губернатору Леонид Полежаевге, «Российская газета» академик Николай Гришенкого сөз берет (30.12.2002.). Лужковдун пикиринде, жылына кургакчылыктан атмосферага 1 миллион тонна тузду чыгарып жаткан Арал деңизинин проблемасы, аны тез аранын ичинде коргоого албаса, жалпы адамзат үчүн ойдо жок коркунучтарга алып келиши мүмкүн. «Аны коргоонун жалгыз жолу – Сибирь дайраларын Орто Азияга буруу», - деп билет Москванын мэри. Ал эми кезегинде Иртыш-Караганда-Жезказган каналын курууну жетектеген Леонид Полежаев бул ойго каршы экендигин, сууну буруу чоң климаттык терс өзгөрүүлөрг алып келе тургандыгын айтат. Ошол эле Полежаевдин жана дагы аталган долбоорго каршы чыккандардын аргументтери күчтүү эмес экендигин, анткени Иртыштан бурулуучу 5-7% суу климаттык өзгөрүүлөрдү жарата албай тургандыгын айтып, «Труд» (28.12.2002.) жана «Московская правда» (30.12.2002.) гезиттери Лужковдун долбоору ишке ашышы мүмкүн экендигин жазып чыгышты. Канткен менен, эксперттердин баамында, суу проблемасы бул жылы чоң саясий оюндарды башкарган негизги темага айланышы мүмкүн.

Дагы бир кызыктуу макала «Независимая газетада» жарык көрдү. Жылкы жылын аяктап, Кой жылына өтөөр менен гезит Шериктештиктеги өлкөлөр жаңы жылда кездеше турган саясий окуяларга жана алардын тагдырына карата көзү ачыктардын ойлорун жарыкка чыгарды. Макаланын автору Татьяна Ивженконун айтымында, КМШнын тагдырына божомол жүргүзүүдө жылдыздарга өзгөчө көңүл бөлүү керек. Анткени, анын курамындагы постсоветтик өлкөлөрдөгү окуялардын өнүгүүсү көп учурда саясий теорияга баш ийбей, ойдо жок өзгөрүүлөрдү жаратышы мүмкүн. Мисалы, туура 12 жыл мурда Советтер Союзу жоюулуп, Шериктештиктеги өлкөлөрдүн уюму түзүлгөн. Анын катарын дагы эле 12 өлкө түздү. Арадан 12 жыл өткөндөн кийинки абал кандай саясий анализди жаратышы мүмкүн? Бул, автордун пикиринде, ал өлкөлөрдү жетектеген башчылардын жеке жылдыздары менен байланыштуу.

Астрологдордун айтымында, үстүбүздөгү Кой жылында, «Ажыдаар» жылы төрөлүшкөн орус президенти Владимир Путин жана Тажикстандын мамлекет башчысы Имомали Рахмонов экөө тең алда канча терең ой-жүгүртүп, бир катар чоң ийгиликтерге жетишкенге үлгүрүшөт. В. Путинге астрологдор бул жылы Орусиянын «күчтүү держава» статутун жандандыруунун үстүндө иштеши керектигин айтышууда. Алар Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин саясий ишмердүүлүгү жыл башында ийгиликтүү башталып, аягында бир катар кыйынчылыктар менен коштолушу мүмкүн дешсе, Түркмөнстандын Президенти Сапармурат Ниязов бул жылы өзүнүн ден-соолугуна өзгөчө көңүл бөлүшү керектигин эскертишти. Ошондой эле астрологдор анын баш ооруусун жараткан оппозиция менен эсептешип, өзүн көбүрөөк барктап, сүйүүгө чакырышат.

Ал эми жылдыздар Кыргызстандын мамлекет башчысы Аскар Акаевдин бул жылы сансыз каалоо-тилектерге какрк боло тургандыгын айтышат. «Бирок алардын көбүн аткаруу мүмкүн эмес экендигин, аткаруунун кереги да жок экендигин жыл башынан эле түшүнсө жакшы» дейт автор. Көзү ачыктар бул жылы жазында Акаев өз сөздөрүндө өзгөчө этият болушу зарыл экендигин эскертишет. Анткени, бул эски достордун жоголушунан жана жаңы душмандардын пайда болушунан арылтат имиш.

Андан сырткары, гезиттин пикиринде, өткөн жыл дээрлик баардык КМШ өлкөлөрү үчүн ийгиликтүү жылдардан болду.
XS
SM
MD
LG