Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Москвада Пхеньян проблемасына байланыштуу орусиялык кесиптештери менен жолугушту.


Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ким Ханг-кюнг Москвага барып, Пхеньян проблемасына байланыштуу орусиялык кесиптештери Александр Лосюков жана Георгий Мамедов менен жолугушту. Жолугушуудан кийин Сеулдук чабарман Корей жарым аралында түзүлгөн кырдаалды жайгаштырууда Орусия башкы ролдордун бирин ойной алаарына басым жасады. Түндүк Кореянын өзөктүк курал даярдоо аракеттеринен улам, өрчүп кеткен кризис туурасында Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин 2-орун басары Ли Тае-Шик кечээ расмий Бэйжин менен баарлашкан. Дүйшөмбүдө Вашингтондо өтө турган АКШ, Япония, Түштүк Корея ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн алдында бүгүн Сеулда өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин жыйыны болду. Түндүк Корея болсо, мурдагыдай эле өзүнүн өзөктүк куралдар программасын Вашингтон менен талкуулоого даяр экенин айтып жатат.

XS
SM
MD
LG