БИШКЕК. Бишкектеги базарларда коопсуздук чараларын күчөтүү максатында атайын иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Ага тартип коргоо органдарынын, Бишкек архитектура жана курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү катышууда. Анын жүрүшүндө базарларга электр тогун берүүдө, соода түйүндөрүн жайгаштырууда тийиштүү эреже-тартиптердин, коопсуздук талаптарынын аткарылышы көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Александр Пащенко билдирди. Кыргыз өкмөтү борбордогу базарларда коопсуздук чараларын, 7 адамдын өмүрүн алып кеткен 27-декабрдагы «Дордой» базарындагы жардыруудан кийин күчөтүүдө.