Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Вашингтондо Түндүк Кореянын ядролук программасын талкуулоо башталды


Вашингтондо бүгүн АКШ, Жапания жана Түштүк Корея Түндүк Кореянын ядролук программасын талкуулай башташты. Дипломаттар Түндүк Кореянын өткөн айда атомдук энергетика ишканаларын кайра ишке киргизүү чечими боюнча көрүлө турган чараларды караштырышат. Бул ишканаларда ядролук курал жасалышы мүмкүн.
Бириккен Улуттар Уюмунун Ядролук көзөмөл агенттиги өлкөнү тез арада курал инспекторлорун кабыл алууга чакырып, болбосо санкция киргизилиши мүмкүн экенин эскертти.
АКШнын президенти Жорж Буш өткөн түнү Кошмо Штаттардын Түндүк Кореяга кол салбай тургандыгын бышыктады.
«Мен былтыр февралда Кореяда болгондо Түндүк Кореяга кол салуу ниетибиз жок экенин айткан элем. Мен муну дагы кайталайм, биздин Түндүк Кореяга басып кирүү ниетибиз жок», - деди Буш.
Америкалык президент Түндүк Корея менен диалог баштоого даяр экенин билдирди, бирок бул ниетине түшүндүрмө берген жок.

XS
SM
MD
LG