Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Индиянын түндүгүндөгү катуу суук 120 чакты кишинин өмүрүн алды


Индиянын түндүгүндө эки аптадан берки катуу суук 120 чакты кишинин өмүрүн алды. Өлкөнүн бийлиги билдиргенине караганда, курмандыктардын көпчүлүгү үй-жайсыз адамдар. Индиянын эң көп сандуу Уттар Прадеш провинциясында баарынан көп -- 96 киши суукка тоңуп өлдү. Мектептер жабылды, бийликтер жууркан-төшөк таратып, жылынууга көчөдө от жактырууда.
Маскөөдө, 27 градуска жеткен сууктан өткөн түнү төрт киши тоңуп калды. Ошону менен, Орусиянын баш калаасында күздөн тартып, 233 киши сууктан ажал тапты.
Мындагы курмандыктардын көбү арак ичип алып, көчөдө жатып калгандар болду.

XS
SM
MD
LG