Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

ТАЛАСТА КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА БОЮНЧА ЭКСПЕРТТИК ТОПТУН ТҮЗҮЛҮШҮ ТАЛКУУЛАНУУДА


Машакбай Рахманкул уулу, Талас Конституцияга сунушталуучу өзгөртүүлөрдү референдумга президент Аскар Акаев түзгөн Эксперттик топ даярдап, алып чыгат. Ал эми бул ишти баштаган Конституциялык Кеңешме президентке эмнеликтен жакпай калды, мамлекет башчысынын мындай кадамы эл ичинде кандайча бааланып жатат?

Өткөн күздөгү республикадагы кооптуу абалдын отун басаңдатуу үчүн 26-август күнү коомдун бардык катмарларынын өкүлдөрүн катыштырып, Конституциялык Кеңешме түзүлүп, ага Башмыйзамга сунушталуучу өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн. Эми өлкөдөгү саясий абал турукташып калган соң, Конституциялык Кеңешменин ордуна Эксперттик топ түзүлүп, ага референдумга коюлуучу Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу милдети жүктөлдү. Дээрлик даяр болгон жумушту Эксперттик топко бере салуу менен президент эмне максатты көздөдү?

Түзүлгөн жагдайды Талас шаарынын тургуну Кылыч Турдумамбетов, мисалы, төмөндөгүчө түшүндүрдү:
«Аскар Акаевич Конституциялык Кеңешме түзбөдүбү, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча. Азыр кайра эксперттик группа түзүп атат да. Менин оюмча, эксперттик группанын кереги жок. Себеби, Конституциялык Кеңешме өзү баарын баштагандан кийин, алар аягына чейин чыгыш керек».

Ушул эле сыяктуу пикирди Талас областтык «Талас турмушу» газетасынын саясий-социалдык бөлүмүнүн редактору Козубек Иманкулов билдирди.

«Конституцияны талкуулоо жана ага толуктоо киргизүү - жалпы элдик иш-чара. Областтагы 93 кишиден 140тан ашуун сунуш түштү, алар гезитке чыкты. Областтык юстиция башкармалыгы менен бирдикте тегерек стол өткөрдүк. Ошол жерде сөз болду, «Биздин сунуштар, толуктоолор тиякта эске алынаар бекен?» - деген. Менимче, Конституциялык Кеңешменин курамы абдан жакшы эле, маданият ишмерлери, өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөлөрү, интеллигенциянын ар тараптуу тармактарында иштегендер, юристтер, экономисттер… Ушул Конституцияга толуктоо киргизүүнү Конституциялык Кеңешме баштады эле, аягына чейин алар алып барса болмок», – дейт ал.

Талас шаарындагы № 4-орто мектептин мугалими Анара Ибраимова эксперттик комиссияга ишенгени менен, эл пикири толук камтылаарына күмөн санагандыгын жашырган жок.

«Бул эксперттик топко жалаң чыныгы адистер топтолгон болуш керек деп ойлойм. Ошон үчүн долбоорду ошолор эле жазганы туура. Бирок, бул жерде да бир жагдай бар. Эл-журт, көпчүлүк жактырган пикирлер киргизилбей калып, расмий бийлик каалаган өзгөртүүлөр кирип кетиши мүмкүн. Мындай болбойт деп эч ким айта албайт», - дейт Анара Ибраимова.

Конституциянын референдумга коюлуучу долбоорун Эксперттик топ иштеп чыгаары белгилүү. Бирок, 2 айдан ашуун эл талкуулаган вариант менен жаңы вариант асман-жердей айрымаланбаса деген ой көпчүлүктү түйшөлтүп турат.

XS
SM
MD
LG