Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

ПРЕЗИДЕНТ БУШТУН ЖАҢЫ ЭКОНОМИКАЛЫК ПЛАНЫ


Нарын АЙЫП, Прага Январдын аягында АКШ президенти Джордж Буш америкалык элге кезектеги президенттик кайрылуу менен чыгат. Анын алдында президент өзүнүн жаңы экономикалык планын жарыялап, Конгресске кайрылып, аны тезинен кабыл алууну өтүндү.

Президент Джордж Буш өзүнүн жаңы экономикалык сунушун 7-январь күнү Чикаго шаарында жарыялады. Ошол эле күнү Вашингтон шаарында ноябрда шайланган Конгресстин жаңы курамы өз ишине киришти жана демократ-депутаттар президенттин сунушун катуу сынга ала баштады.

Президенттин планы боюнча, ишканалардын акцияларына төлөнө турган дивиденддерден федералдык салык алынбаш керек, андан тышкары, жеке ишкерлерге салынган салыктын өлчөмү азайтылат, ишкерликке жаңы киришип жаткандарга бир топ жеңилдик берилет, жумушсуздарга төлөнө турган жөлөк пул көбөйтүлөт жана планда бир нече башка да сунуштар бар. Бул планды ишке ашыруу үчүн, келерки он жыл ичинде өкмөт 674 миллиард доллар коротот жана президент Буштун айтымында, бул акча кайрадан инвестиция катарында кайтып келип, экономикага жаңы дем берет, анткени ишкердүүлүккө болуп жаткан бир топ тоскоолдор алып салынат. "Өкмөттүн чыныгы милдети - Вашингтондо отуруп алып, экономикага көзөмөл салып, аны башкарууда эмес, анын милдети - экономиканын өсүшүнө болуп жаткан тоскоолдуктарды жоюу. Биздин милдетибиз ошол, ал тоскоолдуктар болсо, белгилүү", - деди Буш.

Бирок кээ бир эксперттер президенттин демилгесин катуу сынга ала баштады. Жети жүз миллиард долларга жакын пландын негизги бөлүгү - акциялар менен байланышкан салыкты жоюуга негизделген жана өкмөттүн айтымында, АКШ калкынын төрттөн үчү сөзсүз тиги же бул акцияларга ээ болгондуктан, бул чарадан калктын кеңири катмарлары пайда табат. Бирок көпчүлүк калктын колундагы акциялар - пенсиялык фонддордун акциялары, алар болсо мурда эле салыктан бошотулган, азыркы чара болсо негизинен колунда эбегейсиз байлык топтолгон чириген байларга гана пайда алып келет.

Белгилүү "Урбан институтунун" эксперттеринин айтымында, жаңы пландан түшө турган пайданын 42 пайызы АКШ калкынын эң бай бир пайызынын чөнтөгүнө кошумча киреше кошот. "Файнэншл таймс" гезитинин жазышынча, жакында каржы министри болуп дайындалган Джон Сноу, мисалга, бул пландан жылына 600 миң доллар пайда табат, анткени анын колунда "Си Эс Икс" аттуу темир жол компаниясынын акцияларынын эки пайызы бар. Ал эми эки балалуу катардагы америкалык үй-бүлө таба турган пайда бар болгону 800 доллар болот.

Ошондуктан, америкалык Сенаттагы демократтык азчылыктын лидери Том Дашлдын президентти сындаганын түшүнсө болот: "Президенттин демөөрчү планы эч кимге дем бербейт. Экинчиден, ал адилет да эмес, дивиденддердин салыгын жою менен, мисал үчүн, бир миллион доллар киреше тапкан адам 24 миң доллар салыктан бошотулат, ал эми жылына 50 миң доллар тапкан катардагы адамга болгону 76 доллар жеңилдик берилет. Мындай теңсиздикти, менин оюмча, эч ким колдобойт".

Анткен менен президент Конгресске кайрылып, сунушталган планды тезинен карап чыгып, аны кабыл алууну талап кылууда. Анын айтымында, бул план ишке ашырыла баштаса, өлкөдө жашаган 93 миллион салык төлөөчүнүн ар бири 2003-жылы эле бир миң доллардан ашык пайда табат. Албетте, ал жакшы, бирок карапайым салык төлөөчүлөргө тийе турган 93 миллион доллар - байларга берилип жаткан миллиарддаган каражатка караандабайт. Экинчи маселе - Конгрессте бийлик кылган Республикалык партияга каршы аракеттенген демократтардын өздөрүнүн эч кандай экономикалык планынын жоктугунда.

XS
SM
MD
LG