Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Түндүк Корея Түштүк Корея менен сүйлөшүүгө макул болду, ал эми АКШнын сунушуна жооп бере элек


Түштүк Кореянын өкмөтү билдиргендей, Пхеньян Сеул мурда сунуш кылгандан бир жума кечирээк, 21-24-январь күндөрү сүйлөшүү өткөрүүгө даяр. Сүйлөшүүлөрдө расмий Сеул Пхеньянды өзөктүк куралдар программасын токтотууга чакыраары күтүлүүдө. Ал эми АКШнын өз ара сүйлөшүү өткөрүү туралуу сунушуна Пхеньян азырынча жооп бере элек. Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен бүгүн Кытайда болгон учурунда Түндүк Корея чатагын дипломатиялык жол менен чечиш үчүн эл аралык коомчулуктун кызматташтыгы зарыл экенин белгиледи. Ага катар француз тышкы иштер министри «бул жерде Түндүк Корея өз милдеттемелерине баш ийиш керектиги айдан-ачык. Обочолонууга эч жол берилбейт. Түндүк Корея ушуну түшүнүшү маанилүү», -деп билдирди.

XS
SM
MD
LG