Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Инспекторлор Ирактан шектүү нерселерди таба элек, бирок көп суроолордун башы ачык бойдон турат


БУУнун инспекторлор тобунун башчысы Ханс Бликс Коопсуздук Кеңешинин бүгүнкү жыйыны алдында кабарчыларга билдиргенине караганда, өткөн алты жумадагы инспекция учурунда Ирак массалык кыргын салуучу куралдарга ээ экенин көргөзгөн олуттуу далил табылган жок. Бирок, Ирак али көп суроолорго жооп бере элек. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бейшемби күнкү жыйынында Ирактын курал-жарак отчету боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыктары угулат. Бул максатта БУУнун Коопсуздук Кеңешинде инспекторлор тобунун башчысы Ханс Бликс жана МАГАТЭ уюмунун жетекчиси Мохамед эль-Барадей да маалымат бермекчи.
Ал эми аталган жыйын алдында, Багдаддан Ирак президентинин кеңешчиси Амир аль-Саади АКШ менен Британиянын «отчет толук эмес» деген ырастоосун четке какты. Ошондой эле, ал АКШ менен Британияны инспекторлорго Ирактагы мандатын толук аткарууга мүмкүндүк берүүгө чакырып, «эгер АКШ президенти Ж. Буш жана британ премьер-министри Т.Блэр мырзалар иш жүзүндө өздөрү мыйзамдык жол менен жараткан кризистин тынчтык жол менен чечилишин чындап кааласа - алар МАГАТЭ менен ЮНМОВИКке өз мандатын аткаруусуна убакыт бериши керек», – деп билдирди.

XS
SM
MD
LG