Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА


Журналист Людмила Жолмухамедованын парламентке жолдогон кайрылуусу «Моя столица» гезитинин жума күнкү санында басууга даярдалууда. Кайрылуу ээси республикадагы спирт өндүрүшүнөн мамлекетке жарытымдуу пайда түшпөй жатканына токтолгон. Өлкө казынасына киреше алып келчү тармак жылына 3000000 гекалитр спирт чыгарышы керек болсо, Карабалта спирт заводу өткөн жылы болгону 1 миллион гекалитр өндүрдү. “Кирешелүү тармактын пайдасын жең ичинен жымырып аткандарды жазганы үчүн журналисттер куугунтукка кабылууда”, деп жазат Людмила Жолмухамедова. Басылмада Чыңгыз Шамшиевдин «Ойлонуп отурууга убакыт жок» деген макаласы да жарык көрмөкчү. “Кыргызстандын экономикасында азырынча олуттуу жылыш жок, өлкө тыштан келген акчалай жардам менен товарлардын эсебинен жашоодо. Азыноолак байлык топтоп алгандар эртеңкисине ишенбейт, ошондуктан алар өндүрүштү иштеткиси келбейт. Банктардын кредиттик ставкалары бийик». Чыңгыз Шамшиевдин оюнча, мындай кыйын кырдаалдан жамааттардын ичара ынтымагы, өз ара колдоп, жөлөп-тайоосу менен чыкса болот. Ал үчүн капиталисттик иш билгилик менен социалисттик жарнакташтык керек.

Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн туризмди, тоодо лыжа тебүүнү жайылтуу зарылдыгын бейшембиде «Слово Кыргызстана» гезити жазып чыкты. Президент Акаевдин Ысыккөлдө «Кырчын» аттуу тоодо лыжа тебүү сейил жайын ачуу аземинде сүйлөгөн сөзүнө таянып, гезит Швейцариянын жылдык кирешесинин чейрегин тоодогу эс алуу жайлары бере турганын маалымдайт. Ушул эле гезиттеги Садырбек Чериковдун макаласы республикадагы саясий жагдайга арналган. «Бизде күчтүү, иштеше алчу оппозиция жок,- деп жазат автор.- Биртоп таанымал адамдар бар. Ошолор гана, калганы азыркы башкаруучуларга нааразы болгондор, дайыма кабагын түйүп, эч нерсени жактырбай жүргөндөр». Автордун оюнча, оппозициядагылар чектен чыгып кетишти, алар эми коомдук түзүлүшкө коркунуч келтире баштады. Таластагы «Манас ордо» комплексинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын өткөрүү, президент Акаевге Кыргыз Эл баатырын берүү, ага тарых илиминин доктору илимий даражасын ыйгаруу сунушун таластыктардын атынан облустагы коомдук уюмдардын жетекчилери көтөрүп чыгышты. Алардын сунушу гезиттин жаңы санында жарыяланган. Кыргызстанда туруктуулук өкүм сүрүп атканын, аны шарттаган беш жагдай бардыгы тууралуу гезит бетинде Валентин Богатырев ой жүгүрткөн. Анын пикиринче, Аксы окуясы Кыргызстанда демократиялык баалуулуктар Кыргызстанда жөн сөз эмес, көп адамдардын ишенимине айлана баштагандыгын көрсөттү.

Ысыккөлдөгү тоодон лыжа тепчү жерди президент өзү тандап, анын курулушуна 500000 сомго жакын каражат сарпталып, каражатты жергиликтүү акимчилик бөлгөнүн бейшембиде «Аргументы и факты Кыргызстан» гезити маалым кылды.

«Эркинтоо» гезитинин жума күнкү санында Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жумагул Сааданбековдун улуттук нигилизмге арналган макаласы жарыяланмакчы. Автордун айтымында, өз улутун кемсинтүү, анын тилине, тарыхына, көөнө адат-салттарына текебер мамиле жасоо кечээ-бүгүн чыга калган көрүнүш эмес. Улуттук интеллигенция арасында өксүк комплексинин жаралышы да биртоп себептерге байланган. Жумагул Сааданбеков улуттук жерүүчүлүк элибиздин эртеңкисине камчы чаба турган коркунуч деп эсептейт.

Майлысуу электрлампаларын чыгаруучу заводдун мамлекетке тийиштүү акцияларынын сатылышына байланышкан чатак тууралуу бейшембиде «Вечерний Бишкек» гезити эки макала жарыялады. Тендерде утулуп калган орусиялык «Аврора Лайтинг» фирмасы «Электротехник» заводун сызга отургузуп, жабдууларын четке сата баштаган. Ушу тапта аталган фирманын иши тыкыр текшерилүүдө, деп маалымдайт Асел Оторбаева.

Бейшембидеги «Кыргыз ордо» гезитинде Марип Тайчабаров «Конституция каалагандай калчанат» деген макаласын жарыялады. Автордун айтымында, эксперттик топ бийликтегилерге күн мурунтан белгилүү долбоорду референдумга алып чыгат. Конституция жаңылангандан кийин парламент таркатылып, өкмөт жаңыланат. Өкмөт башына президенттин мураскери келет. Басылмада жарыяланган маегинде Топчубек Тургуналиев «Моя столица» гезитине каршы 12 сот иши козголгонун, анда басылмадан 14 миллион сом өндүрүп алуу талабы коюлганын маалымдаган.

«Агым» гезитинин жооптуу катчысы Аскер Сакыбаеванын айтымында, жума күнкү басылмада Алым Токтомушевдин жолбүгүнү, Азимбек Бекназаровдун камакка алынышынын бир жылдыгы, анын маеги, гезит окурмандарынын пикирлери жарыяланмакчы.
XS
SM
MD
LG