Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

ОРЛОВКАДАГЫ ЗАВОДДОН БААЛУУ ЗАТ УУРДАЛДЫ


7-январь түнү Кеминдеги Орловка химия-механика заводунан 460 килограмм «европий» аттуу зат уурдалганын массалык маалымат каражаттары айтып чыкты. Бул иштин чоо-жайы туурасында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов кабарчыбыз менен ой бөлүшөт.

- 7-январдын түнү Кеминдеги Орловка химия-механика заводунан 460 килограмм “европий” аттуу зат уурдалганын массалык маалымат каражаттары айтып, дүрбөлөң түшүп калды. Себеби, бул «европий» затын бири уулуу десе, бири жарылуучу затка колдонулуучу каражат деп божомолдоп жатышат. Ушул жөнүндө туура маалымат берсеңиз?

- Мен сөзүмдү баштаганда эле жанагы сиздин «уулуу зат» дегениңизге макул эмесмин деп баштаганы турам. Анткени, Кеминдеги химия заводунан уурдалган 460 кг. европий деген зат - бул металл. Эч кандай уулуу дагы, андан тышкары жарылуучу дагы, ошондой эле нур чыгаруучу дагы заттарга кирбеген металл. Бул металл негизинен телевидениеде, телевизор жасоо үчүн, ошондой эле жалтырак кооздоочу нерселерди, терезелерди, айнектерди жасоо үчүн колдонулат экен. Андан тышкары, гамма нурлануу деп коёт эмеспи, шоола, нурларды соруп ала турган касиети бар нерсе экен. Ядролук аппараттарга колдонулат деп туура эмес түшүнүп жатышат. Гамма-нурларды соруп алып адамдын ден-соолугуна зыян келтирбей турган, адамды нурлардан сактай турган максатта колдонулат экен.

Ал эми уурдалышына келе турган болсок, кечээ, 7-январь күнү, түнкү саат 10дон өткөн ченде, ошол жерди кайтарган үч кароолчуну беттерине маска тартылган 5 же 6 киши, колдорунда таяк менен келип сабап, байлап, камап туруп, кампанын кулпуларын араалап туруп 23 ящик уурдап кеткен. Ар бир ящик 20 килограммдан салмак басат экен, жалпы салмагы 460 кило болот экен. Бул кылмыштын бетин ачыш үчүн азыр абдан катуу иш-чаралар көрүлүп жатат. Мен азыр эле Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Келдибаев Жеңиш Кудайбергенович менен сүйлөшсөм, «бул перспективдүү кылмыштарга кире турган болуп калды» дейт. Бул ачыла турган кылмыш дегени. Андан тышкары Чүй областтык ички иштер башкармалыгынан, министрликтин өзүнөн тажрыйбалуу опер кызматкерлер дагы кошулуп ошол жакта иштеп жатышат. Иштин жүрүшүн Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Бакирдин Субанбеков өзүнүн көзөмөлүнө алып, иш алпарып жатат.

- Бул европий затынын коркунучсуз экендигин, эч кандай диверсиялык максатта уурдалбагандыгын дагы тактыктап айтып кетсеңиз?

- Европий деген эч кандай уу дагы, жарылуучу дагы, нур берип адамдын ден-соолугуна зыян келтирчү дагы заттарга кирбеген, эч кандай зыянсыз металл. Маалымат жетпегенден ар ким билгенин айтып, ага дагы бирөө бир нерсени кошуп жатбайбы. Эч кандай корко турган нерсе жок.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG