Британия менен Франция Түндүк Кореянын бул чечими олуттуу натыйжаларга алып келе турганын билдиришти. Москвада визит менен жүргөн Япониянын премьер-министри Дзюнитиро Коидзуми түзүлгөн абалдан чочулап турганын айтып, Пхеньянды чечимин өзгөртүүгө чакырды. Австралия болсо абалды жөнгө салуу аракети менен Пхеньянга атайын делегациясын жөнөтө турганын билдирди. АКШнын мамкатчысынын орун басары Жон Болтон бул чечимге таң калбаганын билдирип, Түндүк Корея келишимден чыкпаган да да аны баары бир аткарбай келген деп кошумчалады. Түндүк Корея өзөктүк куралдарды жана өзөктүк технологияларды таркатпоо келишиминен чыккандыгын билдирген, бирок Пхеньян өзөктүк куралдарды таратууга ниети жок экенин да белгилеген.
Дүйнө коомчулугу Түндүк Кореянын өзөктүк куралдарды таркатпоо келишиминен чыгып кеткенин сынга алды