Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

Кыргыз мектептерине караганда орус жана өзбек мектептеринин билим берүү деңгээли жогору экени аныкталды


БИШКЕК. Кыргызстандагы кыргыз тилинде билим берүүчү мектептерге караганда өзбек тилиндеги мектептердин билим берүү деңгээли жогору. Билим берүү жана маданият министрлигинин өкүлдөрү өлкөнүн жер-жерлердеги мектептеринде 8-9-класстардагы билим берүүнүн сапатын иликтөөнүн натыйжасында ушундай жыйынтыкка келген. Мындан тышкары, иликтөөнүн жыйынтыгында билим берүүнүн сапаты жагынан Кыргызстанда биринчи орунда орус тилиндеги мектептер, андан соң өзбек тилиндеги, эң соңку орунда кыргыз тилиндеги мектептер тураары аныкталган. Бул маалымат аталган министрликтин маалымат кызматынан ишембиде алынды.

XS
SM
MD
LG