Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Израил аскерлери Газа тилкесине чабуул койду


Израил аскерлери бүгүн таң эрте Газа тилкесине чабуул койду. Кабарларга караганда, израилдик танктар жана аскерлер аймактын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарына басып киргенде, ок атышуу башталды. Кагылышууда бир палестиналык жаран окко учуп, 10 чактысы жарадар болду. Израиль аскерлери ошондой эле «курал жасалууда» деп шектелген палестиналыктардын бир нече темир устаканаларын бузуп салышты. Израил армиясы «антитеррористтик операция башталды» деп жарыялады.

XS
SM
MD
LG