Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Бишкекте Конституциялык Кеңешменин чогулушу болду


БИШКЕК. 13-январда кечке жуук Өкмөт Үйүндө Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрүнүн чогулушу болду. Анда кеңешменин төрагасынын орун басарларынын бири, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрүнө Конституциянын Эксперттик топ иштеп чыккан жаңы редакциясын сунуштап, анда Конституциялык Кеңешме иштеп чыккан негизги сунуштар сакталганын билдирди. Ал эми Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрү Адахан Мадумаров, Исмаил Исаков Эксперттик топ иштеп чыккан Конституциянын жаңы редакциясын Конституциялык Кеңешме кылдат талкуулашы керектигин жана ал үчүн бир жума жетишпесин айтышты. Адахан Мадумаров ошондой эле Эксперттик топ иштеп чыккан жаңы редакцияда президентке өзгөчө көп бийлик укуктары берилгенин, бул алга жылуу эмес эле, артка кетүү экенин билдирди. Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова жаңы редакцияда Конституциялык Соттун укуктары чектелгенин, ага карапайым атуулдардын бул сотко кайрылуу укугу берилбегенин сынга алды.

XS
SM
MD
LG