Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

ТҮРКМӨНСТАН ОРУСИЯДА БАШ КАЛКАЛАГАН ОППОЗИЦИЯЧЫЛАРДЫ КАМАККА АЛУУ АРАКЕТИНДЕ


Түркмөнстандын президенти С.Ниязов дүйшөмбүдө Орусия менен кош жарандык тууралуу 1994-жылы кол коюлган макулдашуу токтотулушу мүмкүн деп билдирген. Укук коргоочулар түркмөн бийлиги аталган макулдашуудан баш тартуу менен, 25-ноябрдагы түркмөн президентинин өмүрүнө кол салуу аракетине катышы бар деп шектелген белгилүү оппозициячыларды Москванын жардамы алдында колго түшүрүүнү көздөп жатканын айтышат.

Түркмөнстандын бийликтери Орусия менен 1994-жылы кол коюлган кош жарандык тууралуу келишимден баш тартуу менен, укук коргоочулардын айтымында, Орусиядан түркмөн оппозициячыларын чыгарып кетүүнү көздөөдө. Бул пикирди түркмөн президенти Сапармурат Ниязовдун дүйшөмбү күнкү билдирүүүсү да кыйыр түрдө ырастайт. «1994-жылы мен кош жарандык жөнүндөгү макулдашууга Орусиянын ал кездеги жетекчиси Борис Ельцин менен кол койгон элем. Азыр биз ал макулдашууну убактылуу токтотууну туура таптык. Башкача айтканда, биз Орусияда жашаган түркмөн жарандары Түркмөнстандын мыйзамдарына баш ийсин деген сунуш киргиздик. Жалпысынан, Москва буга макул болду, жакын арада расмий жооп келишин күтүп жатабыз. Андан кийин маселе Халк Маслахаты, же Улуттук Кеңештин кароосуна сунушталат», - деди түркмөн лидери.

Бул билдирүү ушул айдын башында Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Владимир Рушайло Ашгабатка барып, түркмөн президентинин өмүрүнө кол салууга катышкандарды издөөдө Москва ар тараптуу жардам көрсөтөөрүн бышыктап, коопсуздук кызматтарынын кызматташтыгын өркүндөтүү тууралуу макулдашууга кол койгонуна үн кошкон көрүнүш катары кабыл алынды. Рушайло 2-январда Ашгабатта президент Ниязов менен жолуккан соң журналисттерге бул тууралуу билдирүү жасаган.

- Биз эл аралык терроризмге каршы күрөшүү маселесин, анын алкагында жакында Түркмөнстандын президентине каршы жасалган кыянатчыл аракеттерди талкууладык. Орусия бул окуяга карата өз пикирин айткан, ошентсе да дагы бир ирет бул иш – террордук акт экенин кайталап кетмекчимин. Биз бул кол салуу аракетин иликтөө жаатында Орусиянын укук коргоо органдары менен коопсуздук кызматтарынын жардамын сунуш кылдык, - деп билдирген эле журналисттерге Москванын расмий өкүлү.

Жаңы жыл алдында президент Ниязовдун өмүрүнө кол салгандардын башкы уюштуруучусу катары өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов камакка алынып, өмүрүнүн аягына дейре эркинен ажыратылды. Ага өкүм чыгарган 30-декабрдагы Улуттук Кеңештин жыйынында түркмөн президенти бул кыянатчыл ишке катышы бар дагы эки оппозициячы – Түркмөнстандын мурдагы баш банкири Худайберды Оразов жана Түркиядагы мурдагы элчи Нурмухамед Ханамов Орусияда жашырынып жүрүшкөнүн, алардын тагдырын орус президенти менен телефон аркылуу талкуулаганын кабарлаган. Эл аралык «Амнести Интернешнл» уюмунун маалыматы боюнча, расмий Ашгабат «Азаттык» радиосунун Москвадагы кабарчысы, Швецияда жашаган түркмөн оппозициячысы Сапармурат Иклымовдун аталаш агасы Ораз Иклымовду да Орусиядан экстрадикциялоого кызыкдар. Ораз Иклымов өзү ишеничтүү булактардан алынган маалыматка таянып, түркмөн бийлиги ага каршы кылмыш ишин козгогонун айтат. Ашгабатта түркмөн президентине кол салуу болгон күнү, 25-ноябрда Ораз Иклымовдун эки уулу – 20 жана 31 жаштагы Аили менен Эсенаман камакка алынган. «Азыр алар мени колго түшүрүүгө жан талашууда. Мени Түркмөнстанга депортациялап, камакка алыш үчүн Ашгабат эки уулумду барымтада кармап отурат. Алардын бири Аили абактан бошотулду, бирок Москва университетиндеги окуусун улантыш үчүн кетүүгө уруксат ала албай атат», - дейт «Азаттыктын» түркмөн редакциясынын Москвадагы кабарчысы Ораз Иклымов.

Андан башка да Орусияда жашаган түркмөн оппозициячылары азыркы тапта Москва аларды күчкө салып, Ашгабатка өткөрүп берет деп кооптонууда. Алар, Орусия Түркмөнстандан 2005-жылга дейре 10 млрд. куб метр, 2008-жылга дейре 20 млрд. куб метр жаратылыш газын экспорттоого макулдашканын белгилеп, энергетикалык кызыкчылыктардан улам, Москва демократиялык нормалардан тайып, түркмөнстандык саясатчыларды тымызын Ашгабатка депортациялоодон кайра тартпай тургандыгын айтышат. «Амнести Интернешнл» жана башка адам укуктарын коргоо уюмдары болсо, Орусияны – Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноолор жана башка ырайымсыз мамилелерге каршы Конвенциясына кол койгон мамлекет катары андай аракеттерден оолак болууга үндөп жатат. «Түркмөн оппозициячылары Түркмөнстанга күчкө салынып кайтарылса, аларды өз мекенинде түрмө, атайын органдардын ырайымсыз мамилеси күтүп турганы шексиз», - деп эскертишет эл аралык укук коргоочулар.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG