Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:24

БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА


Кыргызстандын басма сөз каражаттары жакында боло турган референдумдун тегерегиндеги маселелерди талкуулап жатышат.

14-январдагы “Кыргыз туусу”, “Слово Кыргызстана”, “Эркин тоо” гезиттеринде президент А. Акаевдин Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясы боюнча референдум өткөрүү жөнүндө кайрылуусу, ошондой эле өзгөртүлгөн Башмыйзамдын жаңы редакциясынын тексти жарыяланды. Жарым жылдан ашуун талкуунун жыйынтыгын чыгарып, президент «Конституциялык реформага карата уникалдуу, мурда болуп көрбөгөндөй мамиле жасалганын» белгиледи. «Шериктеш өлкөлөрдүн тарыхында эч качан жана эч бир конституция бийлик менен оппозициянын консенсусунун негизинде жазылган эмес жана ага оңдоолор киргизилген эмес. Биз ушул көрүнүктүү окуяны жогору баалоого тийишпиз», деди ал. Ага улай «Кыргызстан ар дайым Шериктеш мамлекеттер ичинде демократиянын жана реформалардын лидери болуп келген. Биз бул лидерликти дагы да бекемдейбиз», деген пикирин айтты. Жаңыланган Башмыйзамда Жогорку Кеңеш бир палатадан, ага 75 депутат шайланары, талапкерлер саясий партиялардын же өзүн-өзү көрсөткөндөрдүн арасынан чыгаары белгиленген. Конституция жаңыланган менен иштеп аткан бийлик бутактары мөөнөтү бүткөнчө кызматтарын ташташпайт. Кызматтан кеткен президент кол тийгис укукка ээ, бойго жетелек балдары, жубайы, кароосундагы башка адамдары мамлекеттин эсебинен багылат.

«Слово Кыргызстана» гезитинин шейшемби күнкү санында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Миталип Мамытовдун макаласы жарыяланды. Анда саламаттык сактоону реформалоого «Манас» улуттук программасы боюнча Дүйнөлүк Банк тарабынан 18,5 миллион доллар кредит бөлүнгөнү, анын 2,5 миллион доллары үнөмдөлгөнү баяндалган. Министрдин айтымында, саламаттык сактоону каржылоонун оор түйшүгү барып-келип эле кыргызстандыктарга түшүүдө.

Жаңыланган Конституцияда Жогорку Кеңештин макулдугу менен Жогорку жана Конституциялык соттордун судьяларын кылмыш жоопкерчилигине тартуу нормасы киргизилгендигин шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. Ал эми шектүү адамдын баш коргоо чарасын өзгөртүү укугу мурункудай эле прокуратурада калды. Дагы бир өзгөртүү, себепсиз парламент сессияларына катышпай жүргөн депутаттарды мандатынан ажыратуу эрежеси киргизилди.

«Моя столица» гезитинин 8-январдагы санында саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана аларга кошулган журналисттердин сөз эркиндигин коргоо боюнча билдирүүсү жарыяланды. Анда чындыкты жазган журналисттерди куугунтуктоо улантылып жатканы айтылат. «Моя столица» гезитине, анда иштеген журналисттер Рина Приживойтко, Геннадий Кузьминге, Людмила Жолмухамедовага, Замир Өсөровго каршы миллиондогон сомдук соттук доо арыздар каралып атканы, минтип сөз эркиндигин кысымга алуу республиканын эл аралык кадыр-баркын кетиргенден башкага жарабастыгы айтылган. Кыргызстандык өндүрүшчүлөр кытайлык арзан товарлардын төө бастысына туруштук бере албай, экономикалык айласыз жагдайга капталганы Вячеслав Тимирбаевдин «Ашуунун кайсы тарабында гүлдөп жатышат?» деген макаласында баяндалган.

«Агым» гезитинин жаңы санындагы Алым Токтомушевдин «Эмне эгип, эмне орду?» деген макаласы кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаевдин, оппозиция лидери Азимбек Бекназаровдун саясий ишмердигине арналган. Автордун жазганына караганда, республикада «реалдуу экономика иштебей, иштегендери «политүйбүлөнүн» чөнтөгүнөн артпай атканы атканы эч кимге жашыруун болбой калды». Азимбек Бекназаровдун ишмердигине токтолгон автор, «жаңы, эски Кыргызстандын тарыхында жалгыз киши элди мынчалык ээрчитип кеткен факт жок», деп жазат. Алым Токтомушевдин пикиринде, «бийлик сыяктуу эле оппозиция да системалуу кризиске кабылды».

«Аалам» гезитинин башкы редакторунун орун басары Кубаныч Сейдалиевдин айтымында, басылмада Чолпонбек Абыкеевдин азыркы банк саясаты, Кыргызстандын Башмыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Конституциялык Кеңешменин катышуучулары тарабынан айтылган пикир-сунуштардын бир тобунун четке сүрүлүп калганы жөнүндө макала басууга даярдалууда.
XS
SM
MD
LG