Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА БОЮНЧА КООМДУК КОМИССИЯ БАШМЫЙЗАМДЫН ЖАҢЫ ДОЛБООРУН СЫНГА АЛДЫ


Эксперттик топ иштеп чыгып, президенттин жактыруусуна ээ болгон Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорду жана референдумдун мөөнөтүн 14-январда Конституциялык реформа боюнча коомдук комиссия талкуулады. Коомдук комиссиядагы талкуу Конституциялык Кеңешменин 13-январдагы акыркы отурумундагыдай кескин билдирүүлөр менен коштолгон жок. Бирок, жаңы долбоорго, референдумдун мөөнөтүнө карата сын-пикирлерде окшоштуктар арбын болду.

Конституциялык реформа боюнча коомдук комиссия Конституциялык кеңешмеге удаалаш эле коомчулуктун атынан түзүлүп, анын тутумуна абройлуу мурдагы жоон топ саясатчылар, коомдук ишмерлер, окумуштуулар, юристтер киришкен жана алар сентябрдын аягына чейин Конституциялык Кеңешмеге көптөгөн сунуш-пикирлерин жолдошкон. Ошондой эле ал сентябрь айынын акырындагы отурумунда Конституциялык Кеңешменин жыйынтык документин колдобой тургандыгын жарыя кылган.

Ал эми бул жолку жолугушууда коомдук комиссия Конституциянын жаңы долбооруна жана референдум мөөнөтүнө байланыштуу колдогон же каршылыгын билдирген билдирүү менен чыгуу мүмкүн эмес деп эсептеди. Муну жыйын комиссия мүчөлөрү жаңы долбоор жана президенттин жардыгы менен толук таашына электигине байланыштырышты.

Экономикалык жана социалдык реформалар боюнча Борбордун жетекчиси Турар Койчуевдин демилгесин колдогон көпчүлүк бул маселеге бир аптадан кийин кайра кайрылууну ылайык көрүштү.

Бирок, коомдук комиссия өкүлдөрү эки күндөн берки өкмөттүк жыйындан жана Конституциялык кеңешмеден алынган жалпы маалыматтардын негизинде баш мыйзамдын айланасында көз караштарын айтышты.

Баш мыйзамдын эксперттик топ иштеп чыккан жаңы редакциясы дагы кошумча оңдоо-түзөтүүлөргө муктаж экенин, шашылыш референдумдун пайдасынан зыяны көбүн эл жазуучу Мар Байжиев билдирди. Анын көз карашында эл ичинде ынтымакты кетирип албас үчүн референдумга байланышкан жагдайларды президентке түшүндүрүү керек, оппозицияга да, бийликке да карама-каршылыктарга алып баргыдай кадамдарга барууга жол бербөө керек: «Мен башынан бери айтып келатам. Шашылыш референдум конфликттерге алып келет. Бул коркунучтуу. »,- дейт.

Ушуга үндөш көз карашын Конституциялык кеңешменин 13-январдагы отурумунда «Эл» партиясынын лидери Мелис Эшимканов мындайча билдирген: «Былтыркы Аксы окуясынын алдындагы көрүнүш кайталанып атат. Президентти төрт-беш адам курчап алган. Төрт-беш адамдын жеке симпатия-антипатиялары: бирөө Баековага каршы пункт киргизиши керек, бирөө парламентке, бирөө партияларга каршы киргизиш керек… Биз кайрадан президентти, жалпы мамлекеттик башкарууну жарандык коомдогу чыңалууга алып келип жатабыз. Мына бүгүн (чала-була окусак да) көргөн долбоор - уят долбоор. Бүгүнкү Кыргызстандагы кырдаалды бир ынтымакка келтирели, келишпес саясий күчтөр тил табышалы деп чогулбадык беле?»

Юристтер ассоциациясынын өкүлү Нурлан Садыков 14-январда Конституциянын жаңы долбоорундагы мамлекеттик бийликтин эле эмес, коомчулуктун ишмердигин да чектеген Конституциялык соттун жаңы укуктары укуктук мамлекеттин концепциясын түп-тамырынан бери өзгөртөөрүн белгилеп, мындай жагдай кооптуу деп эсептеди. Ушундай эле жагдайды Н.Садыков Жогорку Сотко байланыштуу өзгөртүүлөрдөн да байкаганын билдирди:
«Жогорку Соттун жаңы укуктары да кооптондурат. Биз сотко көзөмөл жүргүзүү демилгесин ыйгаруу репрессиялык функция экендигин мурда да сындап жүрдүк эле. Жаңы редакцияда оңдолуп жазылганы менен, мазмуну ошол эле бойдон калыптыр. Башкача айтканда, жогорку сот деле репрессиялык аппарат болуп калышы ыктымал.»

Мына ушул өңдүү күмөнсүнүүлөрдү болтурбоо үчүн долбоорду шашпай карап, кеңири талкуулап, комиссиянын жыйынтыгын чыгарып берүү сунушун дээрлик тегерек үстөл катышуучулары толук колдошту.

Тегерек үстөлгө катышкандардын бири, «Абийир туткундары» гилдиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин пикири мындай:
«Менин сунушум: биринчиси, чыныгы демократиялык маанайдагы калайык калкыбыз, күчтөр менимче, референдумга байкот жарыялашы керек. Экинчиси, эгерде эле конституциялык реформа жакынкы айларда керек болсо, анда Конституциялык кеңешме кайрадан отуруп, анан Конституциялык кеңешме иштеп чыккан гана долбоорду референдумга коюш керек.»

Ал эми 13-январда Конституциянын жаңы долбооруна байланыштуу кескин билдирүү менен чыккан Бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов:
«Азыр, бүгүн, эртең, бүрсүгүнү деле мен президенттен реакция күтөм. Президент ушу Конституциялык Кеңешмени кайра чогултуп, өзү угушу керек».
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG