Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Оппозициялык маанайдагы депутаттар референдумга байланыштуу билдирүү таратышты.


Конституциялык Кеңештин атынан таркатылган билдирүүнүн мазмуну менен журналисттерди Жогорку Кеңештин имаратында болуп өткөн маалымат жыйынында тааныштырышты. Жыйынга Конституциялык Кеңештин мүчөлөрү, парламенттин туруктуу палатасынын депутаттары Абсамат Масалиев, Ишенбай Кадырбеков, Адахан Мадумаров жана Исмаил Исаков катышты. Билдирүүдө Негизги мыйзамдын референдумга коюлуп жаткан жаңы редакциясы Конституциялык Кеңешме иштеп чыккан долбоордон айрымалана тургандыгы айтылат. Депутаттардын ырастоолору боюнча, жаңы редакция атүгүл президенттин Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө былтыр 26-августта жарыяланган жардыгына да каршы келет. «Жардыкта жаңы редакция жөнүндө сөз болгон эмес», деп айтылат билдирүүдө. Билдирүүнүн авторлору белгилешкендей, Конституциянын жаңы редакциясы референдумда кабыл алынса, президенттин бийлиги ого бетер күчөйт, парламент өкмөттүн макулдугусуз мыйзам кабыл алалбай калат, президент кызматтан кеткенден кийин да өзүн жана үй-бүлөсүн мамлекеттин эсебинен камсыздоого мүмкүндүк алат, ошондой эле катардагы жарандар, депутаттар Конституциялык Сотко кайрылуу укугунан ажыратылат, партиялык тизме менен шайлоо өткөрүлбөйт. Конституциянын жаңы редакциясы, депутаттардын ишениминде, президенттин жаңы мөөнөткө шайлоого барышына жол ачат. Ошондуктан билдирүү ээлери Кыргызстандын калкын сунуш кылынып жаткан конституциялык өзгөртүүлөрдү кабыл албоого чакырышты.

XS
SM
MD
LG