Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

КЫРГЫЗСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАГА БАЙЛАНЫШТУУ ОРДО ШААР КООМЧУЛУГУНУН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУКТУ


Президент Аскар Акаев 15-январда Бишкек шаарындагы коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. Ал чогулгандарга конституциялык реформа башталган былтыркы август айынан бүгүнкү күнгө чейинки жараян тууралуу кеңири маалымат берди жана референдумга коюла турган Конституциянын жаңы долбооруна жана оппозициянын айрым сын-пикирлерине карата өзүнүн мамилесин ачыктады.

Президент Аскар Акаев бишкектиктер менен жолугушуусу маалында Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорун эл аралык нормаларга төп жазылган, так, калыс жана акыйкат мыйзам катары баалады. Анын айтымында, 2-февралда референдумга коюла турган Конституциянын жаңы долбоору өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдүн, атуулдук коомдун, жамы журттун катышуусунда консенсуска жана компромисске келүү жолу менен иштелип чыкты жана ал атуулдук ынтымактын пайдубалы катары кызмат кыларына терең ынаным бар.
А.Акаев конституциялык реформанын жүрүшүндө бардык саясий күчтөрдүн бир арага келиши демократиялык негизде ынтымакты камсыз кылууга мүмкүндүк берди деп эсептейт:

- Мен муну постсоветтик аймактагы уникалдуу тажрыйба деп эсептейм. КМШда Конституцияны же ага түзөтүүлөрдү президенттин, өкмөттүн, оппозиция лидерлеринин, конструктивдүү жана элдешкис оппозициянын катышуусунда чогуу-чаран талкуулаган бир да өлкө жок.

Президенттин айтымында, жаңы Конституцияга ылайык мамлекет мындан ары президенттик-парламенттик жол менен башкарылат . Бул жолду өтө ишенимдүү жол деп эсептеген президент өз сөзүндө долбоордогу адам укуктарына, менчик укуктарына, жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга, сотторго, өкмөткө байланыштуу киргизилген жана күчөтүлгөн нормаларга да токтолду.
Маселен, жаңы өкмөттүн курамын аныктоодо парламенттин ролу олуттуу чыңдалмакчы. Парламенттин ролунун жана жоопкерчилигинин көтөрүлүшү Конституциялык реформанын жана жаңы даярдалган Баш мыйзамдын өзөгү болду деп белгиледи президент.

- Башкы прокурор, Борборшайлоокомдун, эсептөө палатасынын, улуттук банктын төрагалары жана башка мамлекеттик орган жетекчилери Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындалат. Ошондой эле Жогорку Кеңеш өкмөттүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт.

Парламенттин Баш мыйзамдагы укуктарын маалымдоо учурунда президент бүгүнкү парламенттин, анын ичиндеги комитеттердин ишмердүүлүгү натыйжасыз болуп, чийки мыйзамдар иштелип жаткандыгын баса белгиледи:

- Көптөгөн керектүү мыйзамдарды айлап-жылдап кабыл ала албай калып жатабыз. Натыйжада эл аралык финансылык уюмдары менен иштөөдө проблемалар пайда болууда. Алар бизди силер реформанын лидери эмес белеңер, эмне үчүн жылбай калдыңар деп сындап жатышат... Анан дагы депутаттар кааласа отурумга келишет, каалабаса айлап келбей коюшат. Кворумдун жоктугунан отурум өткөрө албай калышууда.

Президенттин айтымында, жаңы Конституцияда парламенттин укуктарын кеңейтүү менен бирге анын жоопкерчилигин арттыруу керек. Башкача айтканда, жаңы баш мыйзам долбооруна мурдагы парламенттик 26 комитетти 7 комитетке чейин азайтууга, депутаттын ант берүүсүнө, жеке жоопкерчилигине жана кол тийбестигине байланыштуу төрт норма кирмекчи.

Мындан тышкары, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык депутаттар мурдагыдай партиялык тизме менен эмес, бир мандаттуу чөлкөмдөр боюнча тикелей шайланышат. Мындай норма жаңы Конституцияга элдин суранычына жараша киргизилмекчи, - деди А.Акаев:

- Кечээ оппозиция өкүлдөрү бийлик партиялык тизмени алып салды, демократия бүттү деп ызы-чуу кылып жиберишти. Эч андай эмес. Биз, тескерисинче, бул жагынан АКШ, Франция… өңдүү эң демократиялуу өлкөлөрдүн тажрыйбасына таяндык.

Президент өзүнө ыйгарылган «абсолюттук вето укугу» деп айтылып жаткан жагдай тууралуу мындай пикирин айтты:

- Биз Кошмо Штаттардагыдай абсолюуттук вето коюу дегенди киргиздик. Биздин либералдар, демократтар такай «биз АКШдагыдай болушун каалайбыз» дешет. Президент Бушта абсолюттук вето коюу укугу бар. Эксперттик топ биз кубаттуу, бир палаталуу парламент шайлап жаткан соң, өнүгүүгө зыян алып келген ар кандай популисттик чечимдерге каршы президенттин, келечектеги президенттин албетте, абсоюттук вето коюу укугу болушу керек деген сунушун айтты.

Президенттин оюнча, мындай норма парламент менен президенттик бийликти тең салмактап турмакчы.
Аскар Акаев сөзүнүн акырында референдумга өзүнүн ыйгарым укугун 2005-жылкы шайлоого чейин сактап кала берүү тууралуу маселенин коюлушу Конституциянын өзгөртүлүп жатышы менен байланыштуу экенин айтты. Анын оюнча, конституциялык реформа жараянында президенттин бийлик укугу кеңейтилген жок. Мындай шартта аны шайлоо жолу менен эмес, референдум аркылуу бекемдөө жетиштүү болот. Бул маселенин башка да өңүтү бардыгын мамлекет башчы жашырган жок:

- Экинчи жагынан оппозициянын пикири менен да эсептешишибиз керек. Оппозиция Акаевдин кызматтан кетишин талап кылып жатат. Анын үстүнө ушул максатты көздөгөн штаб да парламентте түзүлгөн. Муну менен эсептешпей коюуга болбойт. Парламент бийликтин маанилүү бутагы. Штабды Депутаттар Исаков, Кадырбеков, Мадумаров башкарышат. Ошондуктан, мен оппозицияга да эл мага мурдагыдай эле ишеним көрсөтөөрүн жана конституциядагы өзгөртүүлөрдү турмушка ашырууну тапшыраарын далилдешим керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG